Курс USD 87.26 / 87.76
Курс EUR 99.23 / 100.23
Курс RUB 1.094 / 1.127
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.26 / 87.76
EUR EUR
99.23 / 100.23
RUB RUB
1.094 / 1.127
KZT KZT
0.117 / 0.187

Ата мекендик бизнес 30 млрд сом өлчөмүндөгү кредит алууга мүмкүнчүлүк алды

«Кепилдик фонд» ААКсы иштей баштагандан бери 8 жылдын аралыгында жана үстүдөгү жылдын 24-июнуна карата 9 миллиард 568 миллион сомдон ашык суммага 9 731 кепилдик берген, бул ата мекендик бизнестин 30 миллиард сомдон ашык суммадагы кредиттик каражаттарды алуусун камсыз кылган.
Ата мекендик бизнес 30 млрд сом өлчөмүндөгү кредит алууга мүмкүнчүлүк алды

2024-жылдын башынан бери «Кепилдик фонд» ААКсы, 1 564 миллиард 451 миллион сомдон ашык суммадагы кепилдиктерди берүү менен бизнеске колдоо көрсөткөн. Өнөктөш банктар кепилдик камсыздоо алдында 4 миллиард сомдон ашык суммадагы кредиттерди беришкен.

«Кепилдик фонд» ААКсы иштеген 8 жылдын ичинде кепилдиктердин 64%га жакынын «Кепилдик фонд» ААКсынын ишинде артыкчылыктуу деп эсептелген тармактарда бизнес жүргүзгөн ишкерлер алышкан. Булардын катарына айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай, ипотека жана туризм тармактары кирет. Берилген бардык кепилдиктердин 88%ы өлкөнүн аймактарындагы ишкердик субъекттерине багытталган.

Ошондой эле «Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдик колдоосун алган ишкер айымдар ар кандай тармактарда жылдан жылга активдүү жана ийгиликтүү бизнес жүргүзүп жатышат. 

«Кепилдик фонд» ААКсы иш алып барган жалпы мезгил ичинде аялдар бизнесине 2 миллиард 685 миллион сомдон ашык суммага 3 607ден ашык кепилдик берилип, ал аркылуу аял ишкерлер 7,7 миллиард сомдон ашык суммадагы банктык кредит менен камсыз кылынган.

Кепилдик камсыздоо маселелери боюнча кененирээк маалымат менен төмөнкү телефондор аркылуу: (0-556) 62-53-79, (0-554) 17-71-05 и (0-312) 62-53-79 же www.gf.kg

сайтынан таанышууга болот. 

853
2025-06-02T18:35:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.