Курс USD 87.33 / 87.79
Курс EUR 101.82 / 102.82
Курс RUB 1.108 / 1.131
Курс KZT 0.142 / 0.181
USD USD
87.33 / 87.79
EUR EUR
101.82 / 102.82
RUB RUB
1.108 / 1.131
KZT KZT
0.142 / 0.181

Кыргызстанда ишкерлер дээрлик 9 миллиард сом пайызсыз насыя алышты

Ишкерлер Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланган «Микро, кичи жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында пайызсыз насыя алышты.
Кыргызстанда ишкерлер дээрлик 9 миллиард сом пайызсыз насыя алышты

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор ишке киргенден бери 2021-жылдын 31-мартынан баштап ушул жылдын 1-апрелине карата 11 миң 501 ишкер 8 миллиард 874 миллион сом өлчөмүндө колдоо алган.

Долбоор Министрлер Кабинетинин антикризистик планынын алкагында ишке ашырылып, экономикалык кыйынчылыктарга туш болгон чакан жана орто бизнестерге жардам көрсөтүүгө багытталган.

  • Биринчи категорияда жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон 9 миң 548 жеке ишкер 5 миллиард 661 миллион 275 миң сом алышкан.
  • Экинчи категорияда 30 миллион сомго чейин жүгүртүүсү бар 1 миң 953 жеке ишкерлер жана юридикалык жактар 3 миллиард 213 миллион 248 миң сом алышкан.

Бул программа Кыргызстандын бүт аймагын камтыйт жана 2027-жылдын июль айына чейин иш алып барат. 

Катышуунун шарттары жана каржылоонун параметрлери: 

  • Пайыздык чен: 0% (пайызсыз);
  • Төлөө мөөнөтү: 36 айга чейин;
  • Жеңилдетилген мөөнөт: 3 айга чейин;
  • Максималдуу сумма: 1 миллион сомго чейин (1-категория), 3 миллион сомго чейин (2-категория);
  • Катышуучуларга коюлуучу талаптар: 6 айдан кем эмес иш тажрыйба  жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоо;
  • Өзгөчөлүк сферасы: айыл чарба. 

Долбоор оор экономикалык шарттарда ишкерлердин туруктуулугун бекемдөөгө жана ата мекендик өндүрүштү  өнүктүрүүгө, дем берүүгө багытталган.

191
2025-06-02T18:35:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.