Курс USD 87.33 / 87.79
Курс EUR 102.26 / 103.26
Курс RUB 1.100 / 1.127
Курс KZT 0.141 / 0.181
USD USD
87.33 / 87.79
EUR EUR
102.26 / 103.26
RUB RUB
1.100 / 1.127
KZT KZT
0.141 / 0.181

Биринчи жолу Кыргызстанда: MBANK ID бирдиктүү идентификациялоо

Кыргызстанда биринчи жолу ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK жаңы кызматты сунуштайт – бирдиктүү идентификациялоо MBANK ID.
Биринчи жолу Кыргызстанда: MBANK ID бирдиктүү идентификациялоо

Жаңы кызмат MBANK өнөктөштөрүнүн сайттарында жана мобилдик тиркемелерде тез жана ыңгайлуу катталууга жана авторизациялоого мүмкүндүк берет. Эми кардарларга көптөгөн сырсөздөрдү эстеп калуунун жана каттоодон өтүү үчүн документтерди алып жүрүүнүн кереги жок; бирдиктүү идентификациялоо үчүн MBANK тиркемеси аркылуу өнөктөш тиркемелерге жана сайттарга катталып кирүү мүмүкүн. 

«Бирдиктүү идентификациялоо MBANK ID – бул MBANK тиркемесинде колдонуучу тажрыйбасын жана коопсуздугун жакшыртуудагы жаңы кадам. Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн сайттарга жана тиркемелерге кирүү азыр андан да оңой жана ылдамыраак болуп калды», - дейт Марат Торалиев, MBANK’тын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору.

MBANK ID артыкчылыктары

  • Ыңгайлуулугу: Өнөктөштөрдүн ар кандай сайттарына жана мобилдик тиркемелерине кирүү үчүн MBANK ID колдонуңуз;
  • Маалыматтарды коргоо: Сиздин маалыматтар коопсуз. Маалыматтарга кирүү колдонуучунун макулдугу менен гана;
  • Ачык-айкындуулук: Сиз башка колдонмолорго жана сайттарга кандай маалыматтарды өткөрүп жатканыңызды көрөсүз;
  • Кирүүнү башкаруу: Жетүүнү жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү.
3270
2025-06-02T18:35:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.