Курс USD 88.62 / 89.47
Курс EUR 94.57 / 95.55
Курс RUB 0.940 / 0.968
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.62 / 89.47
EUR EUR
94.57 / 95.55
RUB RUB
0.940 / 0.968
KZT KZT
0.137 / 0.206

MBANK’тан биринчи миллионер жана «Миллиондор оюну» акциясынын башка жеңүүчүлөрү

2024-жылдын 11-апрелинде Техно-коворкингде ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK «Миллиондор оюну» акциясынын жеңүүчүлөрүн көптөн күткөн сыйлоо аземи өттү.
MBANK’тан биринчи миллионер жана «Миллиондор оюну» акциясынын башка жеңүүчүлөрү

Биринчи миллион сом байгенин ээси Байзак К.Н. «МИЛЛИОН» деген сөздү чогултуп, биринчи этаптын баш байгесин утуп алды.

«Мен абдан сүйүндүм, башында ишенген эмесмин. Биринчи тамганы Кара-Балтадан шаарга айдап келе жатып, Сокулукта май куюучу станцияда «О» тамгасы түштү. Акыркы «Л» тамгасын Бишкекте алдым», - деп бөлүшөт жеңүүчү, ал өзүнүн көптөн берки кыялын борбордогу кыймылсыз мүлккө инвестициялоону пландап жатат».

Баш байгени жеңүүчүгө MBANK’тын Стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Торалиев тапшырды:

«Жеңишиңиз менен куттуктайбыз! Биз бул акцияны кардарларыбыз үчүн уюштурдук жана ага баары активдүү катышып жатканына кубанычтабыз. Акция кыргызстандыктарды онлайн төлөмдөрдү көбүрөөк колдонууга шыктандырып, ошону менен жалпы экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп, жарандарыбыздын жашоо шарттарын жакшырткан салыктык кирешелерди көбөйтүүгө жардам берет».

MBANK’тын төмөнкү кардарлары да 100 000 сомдон акчалай сыйлыктарга ээ болушту: Азим А.Б., Диана Н.Р., Селим Х.А.

Иш-чарада жеңүүчүлөр, кызматкерлер, өнөктөштөр, ошондой эле банктын амбассадорлору Айдана Акимова жана Азиза Бердибаева катышты. 

Ошентип, акциянын биринчи этабы ийгиликтүү аяктап, экинчи этап башталды, мында «МБАНК» жана «МИЛЛИОН» деген сөздөрдү чогулткан кардарлар жеңүүчү боло алышат.

Акцияга катышуу үчүн: 

  • MBANK’ты эң акыркы версияга жаңыртыңыз жана push эскертмелерин иштетиңиз.
  • 200 сомдон же андан жогору төлөмдөрдү жасаңыз.
  • Тамгаларды чогутуңуз.

Акциянын мөөнөтү 2024-жылдын 15-мартынан 2-июнга чейин. Акциянын эрежелери жана шарттары тууралуу кененирээк https://mbank.kg/million сайтынан биле аласыз.

Акцияга катышып, миллионер болуңуз!

MBANK — Биринчи санарип!

459
2024-04-12T17:48:21+06:00