Курс USD 83.60 / 84.39
Курс EUR 90.52 / 91.47
Курс RUB 0.954 / 0.991
Курс KZT 0.122 / 0.195
USD USD
83.60 / 84.39
EUR EUR
90.52 / 91.47
RUB RUB
0.954 / 0.991
KZT KZT
0.122 / 0.195

MBANKтын биринчи ислам негиздери боюнча каржылоо сактык кассасы

2024-жылдын 31-майында, Бишкекте, Кыргызстандын банк чөйрөсүндө белгилүү болгон — ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK алгачкы ислам негиздери боюнча сактык кассасынын салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.
MBANKтын биринчи ислам негиздери боюнча каржылоо сактык кассасы

Иш-чаранын ачылыш аземине банктын өнөктөштөрү жана кардарлары, MBANKтын жетекчилери, Шариат кеңешинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катышты. Ардактуу коноктордун катышуусу албетте бул кадамдын өлкө үчүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.

«Ислам негиздери боюнча сактык кассасынын ачылышы биздин шариат ченемдерине ылайык келген финансылык системаны түзүүгө болгон умтулуубузду баса белгилейт. Бул биздин кардарларга ислам ченемдерин жана баалуулуктарын сактоо менен өз каржыларын башкаруу мүмкүнчүлүгүн берүүнүн маанилүү кадамы», - деп белгиледи Шариат кеңешинин төрагасы Эдилбек Асылбеков.

Банктын жардамы менен ипотекага турак жай сатып алган Алмагүл менен Чынгыз үчүн дагы бир кубанычтуу кабар, алар Умрага жолдомо утуп алышты.

«Биз банктын көптөн берки кардарларыбыз жана ипотека маселеси көтөрүлгөндө, аны бир гана сүйүктүү банкыбыздан ала алабыз деген ой болгон. Бардык шарттар ыңгайлуу жана абдан жагат. Ал эми Умрага жолдомо утуп алуу, биз үчүн укмуштуудай белек болду», - деди жубайлар.

MBANK ислам сактык кассасы төмөнкү артыкчылыктарды сунуш кылат:

  • Шариятка ылайык келиши;
  • Пайызы жок жана негиздерге жатпаган инвестицияларды алып салуу;
  • Этикалык инвестициялар. Социалдык жооптуу долбоорлорго каражат бөлүү;
  • Ачык айкын башкаруу. Каражаттарды башкаруу боюнча ачык-айкындуулуктун жогорку даражасы;
  • Заманбап каржы өнүмдөрү. Кардарлардын муктаждыктарына ылайыкташтырылган өнүмдөрдүн түрлөрү;
  • Коопсуздук. Кардарлардын аманаттары үчүн ишенимдүү коргоо жана тобокелдиктерди башкаруу.

Банк линиясы ар түрдүү жана ар бир кардар өзүнө ылайыктуу продуктуну тандай алат.

Кененирээк маалыматты шилтемеден таба аласыз.

MBANK – Биринчи санарип!

1105
2024-07-03T11:54:06+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.