Курс USD 85.73 / 86.22
Курс EUR 86.90 / 87.84
Курс RUB 5.324 / 5.375
Курс KZT 0.161 / 0.229
USD USD
85.73 / 86.22
EUR EUR
86.90 / 87.84
RUB RUB
5.324 / 5.375
KZT KZT
0.161 / 0.229

«Кепилдик фонд» ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү

2024-жылдын 30-апрелинде «Кепилдик фонд» ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү, анда уюмдун маанилүү финансылык жана уюштуруу жыйынтыктары каралды.
«Кепилдик фонд» ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү

Чогулуштун жүрүшүндө «Кепилдик фонд» ААКсынын 2023-жылдагы финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчету, баланс, пайда жана чыгым эсептери боюнча жыйынтыктар жана 2024-жылга бюджет бекитилди.

«Кепилдик фонд» ААКнын 2023-жылдагы таза пайдасы 418 миллион сомдон ашты. Фонддун кирешесинин 100%ын акционерлерге дивиденддерди төлөө жөнүндө чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, «Кепилдик фонд» ААКсынын 2023-жылдагы таза пайдасынын көрсөткүчү фонддун ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилиндеги эң жогорку болду.

Фондду өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталды:

1. Иштеп жаткан жана умтулуп жаткан ишкерлерди колдоо:

  • Кепилдик инструменттерин жана ишкердик субъекттери үчүн колдоо продуктуларын кеңейтүү.
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоорлоруна жана программаларына катышуу, эл аралык өнүктүрүү институттары менен кызматташуу жана өзүнүн долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу.
  • Маалыматтык-консалтингдик колдоо жана ишкерлердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

2. Фондду институциялык өнүктүрүү:

  • Инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана фонддун капиталын көбөйтүү.
  • Чет өлкөлүк кепилдик бирикмелери менен өз ара аракеттенүү.
  • Бизнес процесстерге инновациялык ыкмаларды киргизүү.

Эске сала кетсек, «Кепилдик фонд» ААКсынын акционерлери болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик саналат, алар 91,22% жана 8,78% акциясына ээлик кылышат.

 

1051
2024-05-13T14:10:01+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.