Курс USD 88.65 / 89.47
Курс EUR 94.57 / 95.57
Курс RUB 0.936 / 0.970
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.65 / 89.47
EUR EUR
94.57 / 95.57
RUB RUB
0.936 / 0.970
KZT KZT
0.137 / 0.206

2024 жылдын I чейрегинде аймактарга 220 млн сомдон ашык кепилдиктер берилген

2024-жылдын биринчи чейреги үчүн натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча «Кепилдик фонд» ААКсы аймактар боюнча маалымдайт.
2024 жылдын I чейрегинде аймактарга 220 млн сомдон ашык кепилдиктер берилген

Үстүбүздөгү жылдын үч айында эле ишкерлерге кепилдик колдоо аркылуу өнөктөш банктар 629,7 миллион сомдон ашык кредит беришкен.

Биринчи черекте республика боюнча 525 ишкер «Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдигин пайдаланган.

Бул мезгилде берилген кепилдиктердин жалпы санынын дээрлик 88%ы өлкөнүн аймактарында 220,8 млн сомдон ашык суммада ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Алсак, Жалал-Абад облусунун ишкерлерине 42 миллион сомдон ашык суммага 152ден ашык кепилдиктер, Ош облусунун жана Ош шаарындагы ишканаларга 31 миллион сомго жакын суммага 83 кепилдик берилген, Чүй облусунун ишкерлерине 50,7 миллион сомдон ашык суммага 93 кепилдик, Ысык-Көл облусуна 14,4 миллион сомдон ашык суммага 50 кепилдик, Баткен облусуна 17,3 миллион сомдон ашык 67 кепилдик, Талас облусуна 54 миллион сомдон ашык суммага 54 кепилдик жөнөтүлгөн жана 26 кепилдик Нарын облусуна 11,2 млн.

Кепилдик берүүнүн артыкчылыктуу багыттары айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүш жана туризм индустриясы бойдон калууда.