Документке «Кепилдик фонд» ААКсынын башкармасынын төрагасынын орун басары Эрик Таласбаев жана «Исламдык каржылоо ассоциациясынын» төрагасы Талант Керимбаев кол коюшту.
Тараптар «Кепилдик фонд» ААКсынын Ислам каржы ассоциациясына мүчөлүгү биздин өлкөдө ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Кыргыз Республикасында бизнести каржылоого дагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт деген ишенимин билдиришти.
Маалымдама:
Ислам Каржы Ассоциациясы ислам баалуулуктарын жана финансы, билим берүү жана ишкердик принциптерин жайылтуу үчүн аянтча болуп саналат. этикалык бизнести өнүктүрүү, ислам экономикасы тууралуу билимди жогорулатуу жана Кыргызстанда туруктуу халал экосистемасын түзүү үчүн пикирлеш адамдарды бириктирүү. Ассоциация ислам укугу жана финансы чөйрөсүндө таанылган аалымдар жана эксперттерден турган Шарият кеңешин түздү, ал бардык демилгелердин шарияттын нормаларына жана талаптарына шайкеш келишин камсыздайт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.