Курс USD 86.42 / 86.85
Курс EUR 90.74 / 91.72
Курс RUB 0.853 / 0.884
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
86.42 / 86.85
EUR EUR
90.74 / 91.72
RUB RUB
0.853 / 0.884
KZT KZT
0.121 / 0.191

«Кепилдик фонд» ААК Япониянын алдыңкы каржы институттары менен жолугушууларды өткөрдү

14-мартта КР Финансы министрлигинин, КР Улуттук банкынын жана «Кепилдик фонд» ААКнын өкүлдөрүнөн турган КР делегациясынын иш сапарынын алкагында, «Кепилдик фонд» ААКтын жетекчиси Малик-Айдар Абакиров Япониянын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттигинин жетекчилиги жана Сумитомо Мицуи банкынын өкүлдөрү менен эки жумушчу жолугушуу өткөрдү.
«Кепилдик фонд» ААК Япониянын алдыңкы каржы институттары менен жолугушууларды өткөрдү

Сумитомо Мицуи банк менен жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кичи жана орто бизнесин каржылоо маселелерин талкуулашты. ESG (экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу) чакан жана орто бизнестин долбоорлорун кредиттөө жана кепилдөө принциптерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, атап айтканда, Сумитомо Мицуи банкынын өкүлдөрү орто, чакан жана микро ишканалар үчүн аларды ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Япониянын чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттиги ишкерлерге жардам көрсөтүү, анын ичинде ар кандай стартап долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле Япониянын каржы системасы, Кредиттик Кепилдик Корпорацияларынын ишмердүүлүгү жана Япония Өкмөтү менен Япония Финансы Корпорациясынын колдоосу тууралуу маалымат берилди.

Өз кезегинде «Кепилдик фонд» ААК өзүнүн ишмердүүлүгү жана Кыргыз Республикасындагы кичи жана орто бизнести колдоо боюнча тажрыйбасы, республикада чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат менен бөлүштү.

Япония тарап менен жолугушуулардын катышуучулары кепилдик фонддордун кыргыз моделине кызыгып, келечектеги кызматташуу үчүн байланыштарды улантууга даярдыгын билдиришти.

Маалымат үчүн: 

Сумитомо Мицуи банк Япониянын ири банктарынын бири болуп саналат. Штаб-квартирасы Токиодо жайгашкан. Сумитомо Мицуи банктын тарыхы 140 жыл мурун башталат, ал 1876-жылы банк катары түзүлгөн.

1712
2024-03-18T18:03:29+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.