Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 97.36 / 98.36
Курс RUB 1.065 / 1.106
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
97.36 / 98.36
RUB RUB
1.065 / 1.106
KZT KZT
0.117 / 0.187

Кепилдик фонд Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна жардам көрсөттү

1-июнда Кыргызстанда Балдарды коргоо эл аралык күнү белгиленет. Майрамдын алдында «Кепилдик фонд» ААКсынын кызматкерлери Балдарды жана үй-бүлөнү колдоо борборуна барышып, борбордун жетекчилигине жашылча-жемиштерди сактоочу өнөр жайлык муздаткыч шкафты тапшырышты.
Кепилдик фонд Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна жардам көрсөттү

«Ар бир бала үчүн сүйүү, камкордук жана көңүл бурууну сезүү маанилүү. 1-июнь биз үчүн коргоого муктаж болгондор үчүн жооптуу экенибизди эскертет», - деди «Кепилдик фонд» ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева.

Өз кезегинде борбордун директорунун орун басары Асел Аширбаева Кепилдик фондунун жамаатына көрсөткөн колдоосу жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кепилдик фонд» ААКсы өзүнүн бүткүл ишмердүүлүгүндө корпоративдик социалдык жоопкерчиликке өзгөчө көңүл буруп, салттуу түрдө калктын социалдык жактан корголбогон жана аялуу катмарына колдоо көрсөтүп келет.

Маалымат үчүн:

Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борбору 4 жашка чейинки балдар ата-энесинин камкордугусуз калган мамлекеттик мекеме болуп саналат. Тарыхта жетим жана кароосуз калган балдардын баш калкалоочу жайы болуп келген

1118
2024-06-03T11:10:28+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.