Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 84.56 / 85.48
Курс RUB 5.768 / 5.858
Курс KZT 0.114 / 0.186
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
84.56 / 85.48
RUB RUB
5.768 / 5.858
KZT KZT
0.114 / 0.186

Кепилдик фонд «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорт программасын ишке ашырууга катышат

«Кепилдик фонд» ААКсы «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорттук программасынын ишке ашырууга активдүү катышат алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалын жана дүйнөлүк рынокто атамекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өз салымын кошот.
Кепилдик фонд «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорт программасын ишке ашырууга катышат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы жөнүндө» 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, 2024-жылдын 26-декабрындагы № 801 токтому менен «Кыргызстанда жасалган» улуттук экспорт программасын бекитти.

Документке ылайык министрликтер жана ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Соода-өнөр жай палатасы жогоруда аталган программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. 

«Кепилдик фонд» ААКсы коммерциялык банктар, Кыргызстан банктар бирикмеси, «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсы, Россия-Кыргыз, Азербайжан-Кыргыз, өзбек-Кыргыз жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонддору менен катар планды аткаруу үчүн чараларды көрөт жана квартал сайын жыйынтыктоочу маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берип турат.

Атап айтканда, «Кепилдик фонд» ААКсы иш-чаралар планына ылайык Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана бизнес-коомчулугу менен бирдикте ишкананы корпоративдик башкаруу системасына көмөктөшүү жана киргизүү боюнча иш-чараларды өткөрөт. 

Ошондой эле «Кепилдик фонд» ААКсы экспортко багытталган ишканалар үчүн кепилдиктерди артыкчылыктуу тартипте берүүгө тийиш. Экспортко багытталган ишканаларга кепилдик колдоо көрсөтүүдө буга чейин да берилген, мындан ары бул багыттагы иштер күчөтүлөт. 

Мындан тышкары, бизнеси экспортко багытталган ишкерлерди колдоонун алкагында «Кепилдик фонд» ААКсы факторинг операциялары үчүн кепилдиктерди киргизет. 

Фото: Кепилдик фонд

103
2025-01-10T10:10:26+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.