Курс USD 87.26 / 87.75
Курс EUR 100.94 / 101.94
Курс RUB 1.101 / 1.131
Курс KZT 0.146 / 0.178
USD USD
87.26 / 87.75
EUR EUR
100.94 / 101.94
RUB RUB
1.101 / 1.131
KZT KZT
0.146 / 0.178

Кепилдик фонд жана Жашыл климаттык фонд жашыл экономика боюнча долбоорлор боюнча кызматташат

Өзгөчө көңүл жашыл ишкердикти өнүктүрүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн банктар аркылуу жашыл кредит берүүгө бурулду.
Кепилдик фонд жана Жашыл климаттык фонд жашыл экономика боюнча долбоорлор боюнча кызматташат

Кыргыз делегациясынын Корея Республикасына жумушчу сапарынын алкагында «Кепилдик фонд» ААКтын башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар «жашыл» экономиканын алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты, ошондой эле уюмдардын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат алмашышты.

Маалымат үчүн:

Жашыл климат фонд 2010-жылы БУУнун Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 16-конференциясында 194 өлкөнүн өкмөттөрүнүн катышуусунда түзүлгөн.

Жашыл климат фонд өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө парник газдарынын эмиссиясын кыскартууга, миграциянын терс кесепеттерине каршы турууга жана аялуу жамааттарды климаттын өзгөрүшүнүн сөзсүз кесепеттерине ыңгайлаштырууга жардам берүү үчүн түзүлгөн эң ири глобалдык фонд.

2315
2025-06-02T18:35:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.