Цифралар жана фактылар: Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү
Бул майрам финансы жана экономика министрликтеринин кызматкерлери, бухгалтердик жана аудитордук компаниялардын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлери, Финансылык аналитиктер, ошондой эле ушул профилдеги адистерди даярдаган билим берүү жана илим чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн арналган. Майрам Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө экономиканын бардык тармактарынын финансылык жана экономикалык кызматкерлеринин кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган.
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм иш жүргүзөт.
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин тизмелик саны 2024-жылдын январь-март айларында 24,6 миң адамды түздү. Кызматкерлердин эң көп саны финансылык ортомчулук уюмдарында катталган, бул 2023-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 8,5 пайызга көбөйгөн.
Таблица: 2023-2024-жж. финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы жана тизмелик саны:
Январь-март 2023-жыл | Январь-март 2024-жыл | |||
| Кызматкерлердин тизмелик саны, адам | Орточо айлык эмгек акы, сом менен | Кызматкерлердин тизмелик саны, адам | Орточо айлык эмгек акы, сом менен |
Финансылык ортомчулук | 21 446 | 53 645 | 23 896 | 62 494 |
Милдеттүү социалдык камсыздоодон тышкары камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо | 311 | 41 530 | 476 | 57 936 |
Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү көмөкчү ишмердик | 246 | 17 512 | 221 | 25 851 |
2024-жылдын январь-март айларында финансылык ортомчулук уюмдары (банк секторун кошпогондо) тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 14,8 млрд. сомду түздү. Бул көлөмдүн 64%дан ашыгы - виртуалдык активдерге ээ бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу финансылык ортомчулук уюмдары, 27% - банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүүчү уюмдар, 5,6%ы - камсыздандыруу компаниялары, 3%га жакыны бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишканалар тарабынан түзүлдү.
Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү үстүбүздөгү жылдын I кварталын 2,5 млрд сом суммасындагы пайда менен аяктады, ал эми 15% чыгаша (0,2 млрд сом) тартты. 2024-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 2,3 млрд. сом пайда өлчөмүндөгү оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды.
Жогорку кесиптик окуу жайларында (ЖКОЖ), ошондой эле орто кесиптик билим берүү уюмдарында (ОКБУ) окуган студенттер арасында эң популярдуу адистик экономика жана башкаруу болуп саналат.
Таблица: студенттерди адистиктер боюнча бөлүштүрүү (окуу жылынын башталышына карата, адам):
| 2022/2023 | 2023/2024 |
ЖКОЖ | ||
Экономика жана башкаруу | 36 596 | 32 985 |
алардын ичинен: |
|
|
экономика | 26 220 | 22 766 |
менеджмент | 4 847 | 4 977 |
бизнес башкаруу | 2 017 | 1 418
|
ОКБУ | ||
Экономика жана башкаруу | 15 469 | 16 533 |
алардын ичинен: |
|
|
экономика жана бухгалтердик эсеп | 6 908 | 7 283 |
каржы | 3 703 | 3 672 |
менежмент | 1 749 | 2 104 |
банк ишмердиги | 1 276 | 1 455 |
салыктар жана салык салуу | 1 124 | 1 254 |
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.