Курс USD 88.63 / 89.47
Курс EUR 94.65 / 95.63
Курс RUB 0.942 / 0.970
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.63 / 89.47
EUR EUR
94.65 / 95.63
RUB RUB
0.942 / 0.970
KZT KZT
0.137 / 0.206

Бишкектеги чынчыл алмаштыруучудан кеңеш: Борбордо валютаны кантип алмаштыруу керек?

Белгиленген банкноттор, жасалма купюралар, валютаны колдон сатып алуудагы тобокелдиктер. Бишкектеги акча алмаштыруучулар Кыргызстандагы акча алмаштыруунун сырлары менен бөлүштү.
Бишкектеги чынчыл алмаштыруучудан кеңеш: Борбордо валютаны кантип алмаштыруу керек?

Кыргызстанда акча алмаштыруу кызматы менен банктарга катар эле жеке валюта бюролору да алектенет. Ага карабастан кээ бир жарандар пайдалуу акча курсунун артынан түшүп, кесипкөй эмес акча алмаштыруууларга кайрылышат.

Banks.kg порталы акча алмаштыруучу бюролордун биринин адиси менен маек куруп, банкта акча алмаштырууда адамдар эң биринчи эмнеге көңүл бурушу керектиги тууралуу сурадык.

Эң көп бериле турган суроолор:

- Акча алмаштыруучу жайда кандай жабдуулар болушу керек?

- Атайын эсептөөчү машина кардарга көрүнүктүү жерде болушу керек, ал аркылуу кардар жабдуу канча акча санаганын даана көрө алат. Дээрлик ар бир акча алмаштыруучу жайларда атайын көзөмөл камера бар, бул талаштуу жагдайларда кардарларга жана кеңсе кызматкерлерине абдан пайдалуу болот.
  - Акча алмаштыруу бюролору кардарларга кандай документтерди бериши керек?

- Бардык акча алмаштыруучу жайлардын тейлөө зонасында Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын көчүрмөлөрү илиниши керек.

- Кээде мөөр басылган банкноттор (өзгөчө АКШ доллары) болот. Бул аны алмаштырууга таасир тийгизиши мүмкүнбү?

- Көбүнчө чет өлкөдөн алынып келинген банкнотторго мөөр басылат, бул алардын жасалма эместигин далилдейт, бирок бул жерде алар эски банкнот катары кабыл алынат. Бирок бул нерсе алмаштырууда эч кандай көйгөй алып келбейт.

- Бишкекте жасалма акчалар барбы?

- Мындай көрүнүш өтө сейрек кездешет, бирок жасалма купюраларды кезиктирсе болот, алар дароо заманбап эсептөө машиналары тарабынан аныкталат, ал тургай тажрыйбасы аз акча алмаштыруучу деле банкноттун жасалма же жасалма эместигин аныктай алат. Эгерде кимдир бирөө билип туруп же атайылап жасалма акча алмаштырууга аракет кылса, анда алмаштыруу бюросунун кызматкерлери андан ары экспертиза жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарды чакырууга укуктуу.

- «Колдон» акча алмаштырууда жасалма акчаларды кезиктирип калуу мүмкүнбү?

- Банкнотторду көчөдө бейтааныш адамдар менен алмаштыруу өтө кооптуу, анткени шылуундардын колуна түшүп калуу ыктымалдуулуг жогору, андыктан акча алмаштыруу жайларынан же банктардан алмаштырганыңыз оң. 
 - Акча алмаштыруучу жайлар АКШ долларынын курсун жасалма түрдө көтөрүп же төмөндөтө алабы?

- Валюталар курсу Улуттук банк тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынгандыктан, бардык алмаштыруучу жайларга доллардын бирдиктүү курсу берилет. Кээ бир акча алмаштыруучу жайларда курсту убагында өзгөртүүгө үлгүрбөй, кийинчерээк теңдештирилип кеткен учурлар болот. Доллардын курсун атайылап өзгөртсө, Улуттук банкы тарабынан жазаланат. Кыргызстанда 1993-жылдан бери (тагыраагы сом киргизилгенден бери) өзгөрүлмө алмашуу курсунун режими иштеп баштаганын белгилей кетүү керек. Бул режимде валюта курсунун наркын суроо-талаптардын негизинде базар баасы аныктайт. Ал эми Улуттук банктын милдети – алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн төмөндөп же көтөрүлүп кетүүсүн жөнгө салуу. Мындай кадам Улуттук банк тарабынан валюталык интервенцияларды жүргүзүү, өлкөнүн жалпы тенденциясынын калыптанышына таасирин тийгизбестен аткарылат.

#gmwkyrgyzstan2024

535
2024-03-15T11:24:40+06:00