Кыргызстанда Кепилдик фондунун канча банк өнөктөшү бар?
Бүгүнкү күндө «Кепилдик фонд» ААКсы 24 өнөктөш менен кызматташат, анын ичинде 18 коммерциялык банк, үч микрофинансылык уюм, эки эл аралык фонд жана Ишкердикти өнүктүрүү фонду. Республиканын бардык аймактарында «Кепилдик фонд» ААКсынын өнөктөштөрүнүн иштеп жаткан филиалдарынын саны 320дан ашат.
«Кепилдик фонд» ААКсынын филиалдары өлкөнүн алты облусунда иштейт. Кепилдик менен бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер өлкөнүн бардык аймактарында берилет.
Банктар менен кызматташуунун аркасында 8 жылдык ишмердүүлүгү жана үстүбүздөгү жылдын 4-июлуна карата «Кепилдик фонд» ААКсы 9 миллиард 604 миллион сомдон ашык суммага 9 804 кепилдик берди, бул бизнеске кредиттик 30 млрд 152 млн сомдон ашык суммага каражаттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылды.
Эске сала кетсек, «Кепилдик фонд» ААКсынын өнөктөштөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- ААК «Айыл Банк»;
- ААК «Элдик Банк»;
- ААК «Керемет Банк»;
- ААК «Бай-Түшүм»;
- ААК «Бакай Банк»;
- ЖАК «Азия Банкы»;
- ЖАК «Компаньон Банкы»;
- ААК «Демир Кыргыз Интернешнл Банк»;
- ААК «Capital Bank»;
- ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK;
- ЖАК «KICB»;
- ЖАК «Коммерциялык банк KSB»;
- ААК «Оптима Банк»;
- ЖАК «ФИНКА Банк»;
- ААК «Халык Банк Кыргызстан»;
- ААК «Дос-Кредобанк»;
- ААК «Кыргызкоммерцбанк»;
- ААК МФК «Салым Финанс»;
- «Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду» ААКсы;
- «Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду» ААКсы;
- МКК «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААКсы;
- ААК «ФинансКредитБанк»;
- ЖАК МК «Элет-Капитал»;
- ААК МФК «АБН».
Кепилдик маселелери боюнча кошумча маалымат (0-556) 62-53-79, (0-554) 17-71-05, (0-312) 62-53-79 телефондору аркылуу же www.gf.kg сайтынан алса болот.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.