Бардыгы болуп «Кепилдик фонд» ААК ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде 8,5 млрд сомдон ашык суммага 8 764 кепилдик берилген, өнөктөш банктар тарабынан берилген кредиттердин көлөмү 27 млрд сомдон ашкан.
«Кепилдик фонд» ААКтын ишмердигинде айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризм, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөр артыкчылыктуу багыт болуп калууда. Жардам алган тармактарга соода, курулуш, транспорт жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү да кирет.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын ишкерлери күрөө мүлкү жетишсиз болгон учурда «Кепилдик фонд» ААКтын кызматынан пайдалана алышат.
Кепилдик боюнча кененирээк маалыматты www.gf.kg сайтынан тапса болот же телефон аркылуу кеңеш алсаңыз болот:
- (0-312) 62-53-79;
- (0-556) 62-53-79;
- (0-554) 17-71-05.