Кыргызстан Малайзияга 300 кг алтын куймасын 36 миллион долларга сатат

Келишимге ылайык, «Кыргызалтын» ААКсы малайзиялык Public Gold Group компаниясы менен 2025-жылы 1 кг өлчөнгөн куйма түрүндөгү 300 кг кыргыз алтынын сатып алуу-сатуу боюнча жалпы суммасы 36 млн АКШ долларына жакын келишим түзгөн. Учурда 50 килограмм алтын куйма 5,6 млн долларга сатылды.
Ошондой эле кызматташтык боюнча меморандумдун алкагында «Кыргызалтын» ААК жогоруда аталган малайзиялык компаниянын өлчөнгөн алтын куймаларды сатуу боюнча маркетингдик чечимдерди, анын ичинде алтынды контактсыз сатуу үчүн автоматтарды колдонуу тажрыйбасын изилдөөнү пландаштырууда.
Малайзиялык тарап менен бул документтерге кол коюу Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат, ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) багытында эл аралык рынокто «Кыргызалтын» ААКтын позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.