Курс USD 88.38 / 89.24
Курс EUR 94.76 / 95.74
Курс RUB 0.953 / 0.978
Курс KZT 0.138 / 0.207
USD USD
88.38 / 89.24
EUR EUR
94.76 / 95.74
RUB RUB
0.953 / 0.978
KZT KZT
0.138 / 0.207

MBANK банктар арасында биринчи болуп кыргыз маданият өкүлдөрүн колдогон MCharts музыкалык платформасын ишке киргизди

Кыргыз аткаруучуларын колдоо максатында MBANK экосистемасында сизге кыргыз музыкасынын кайталангыс дүйнөсүн ачкан музыкалык платформа түзөт.
MBANK банктар арасында биринчи болуп кыргыз маданият өкүлдөрүн колдогон MCharts музыкалык платформасын ишке киргизди

MCharts сервисинин жардамы менен MBANKтын кардарлары эми сүйүктүү ырчысын угуп, ырахаттанып гана тим болбостон  каржылык  колдоо да көрсөтө алат.

MCharts'ка жөнөтүлгөн ар бир лайк жана ар бир колдоо сүйүктүү аткаруучуңуздун өнүгүүсүнө жана сизди жаңы музыка менен кубандыруусуна жол ачат. 

Бул кантип ишке ашат? 

MCharts сүйүктүү ырчыңызды колдооңузду көрсөтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. 1 жолу колдоо көрсөтүү 1 сомду түзөт. Бул аткаруучуга каржылык колдоо көрсөтүп, анын чыгармачылыгына дем берип, музыкалык идеяларын ишке ашырууга жардам берет.

«Биз MBANK маданият өкүлдөрүнүн чыгармачылыгына көңүл бурганына кубанычтабыз. Өз кезегинде биз да аларды дайыма колдоого аракет кылабыз жана бул платформа аткаруучулар үчүн эң сонун демилге жана каржылык мүмкүнчүлүк боло алаарына ишенебиз. Ушундай аянтчаны түзүп бергениңиз үчүн рахмат», - деп белгилейт «GMS Music» музыкалык лейблинин директору Мирлан Шамканов.

Кызматтын негизги өзгөчөлүгү MBANKтын колдонуучулары үчүн акысыз. Сиз бул кызматтын жардамы менен  композицияларды рейтингдер боюнча төмөнкүдөй топко бөлө аласыз:

  • Кайрымдуулук боюнча;
  • Эң көп жактыруулар боюнча;
  • Эң көп угуулар;
  • ТОП жаңы аткаруулар;
  • Топ аткаруучулар.

Мындан тышкары, MCharts сизге сүйүктүү музыкаларды плейлист түзүүгө жана фондо жогорку сапаттагы аудио мазмунду угууга мүмкүнчүлүк берет.

Кызматтан пайдалануу үчүн MBANK мобилдик тиркемесин төмөнкү кадамдар аркылуу колдонуу керек:

  • Кызматтар өтмөгүнө өтүңүз;
  • «Музыка» баскычын басыңыз.

MBANK- алгачкы санарип!

3713
2023-12-05T16:14:11+06:00