Курс USD 86.85 / 87.35
Курс EUR 90.81 / 91.79
Курс RUB 0.833 / 0.871
Курс KZT 0.115 / 0.187
USD USD
86.85 / 87.35
EUR EUR
90.81 / 91.79
RUB RUB
0.833 / 0.871
KZT KZT
0.115 / 0.187

Өлкөнүн сыймыгы жана эл аралык аренанын баасы: MBANK VISA AWARDS сыйлыгынын беш категориясы боюнча лидери болду

Санариптик төлөмдөр тармагында дүйнөлүк лидер Visa 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстандагы банктардын жетишкендиктерин белгиледи. «Коммерциялык банк Кыргызстан»|MBANK беш номинацияда жеңишке жетип, VISA AWARDS 2024 сыйлыгынын абсолюттук лидери болду. Бир нече жылдан бери банк Кыргызстандын рыногунда жеңиштердин саны боюнча бардыгынан алдыда келе жатат.
Өлкөнүн сыймыгы жана эл аралык аренанын баасы: MBANK VISA AWARDS сыйлыгынын беш категориясы боюнча лидери болду

MBANK санариптик банкингдеги лидерлигин тастыктады. Бул жеңиш MBANK кардарларына сунуш кылган эң жогорку сапат стандарттарынын ырастоосу болду.

MBANKтын VISA AWARDS 2024 аземиндеги жеңиштери:

  • Best Issuer - «Мыкты эмитент» өлкөнүн банктарынын арасында Visa карталарын чыгарууда жана төлөмдөрдүн көлөмү боюнча лидерлик.
  • Junior Card Launch - «Балдар үчүн мыкты банкингди ишке киргизгендиги үчүн».
  • Best Visa Direct Originator - «Visa to Visa технологиясы боюнча лидер» - MBANK тиркемесинде Visa Direct технологиясын ишке киргизгендиги жана картадан Visa картасына которууда лидерлиги үчүн.
  • Domestic Best Approval Rate – «Авторизацияларды бекитүү боюнча эң мыкты банк» - бул MBANK Visa карталары менен төлөмдөр бүткүл дүйнө боюнча көйгөйсүз жана шыр экенин билдирет.
  • Leader in Token – «Активдүү токендердин саны боюнча лидер», анын ичинде Google Pay. Банк төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн коопсуз токенизация технологиясын активдүү колдонгон кардарлардын көп санын камсыз кылат.

Өлкөнүн сыймыгы жана эл аралык аренанын баасы

Ар бир сыйлык MBANKтын банк тармагындагы инноватор катары лидерлик позициясын тастыктайт. Бул күн сайын MBANKты ыңгайлуулугу, ишенимдүүлүгү жана заманбап технологиялары үчүн тандаган кардарлардын ишенимине негизделген ийгилик.

«Бул сыйлыктар биздин бүтүндөй командабыздын эмгегинин жана биздин кардарлардын MBANKка болгон ишениминин бааланышы. Бизге ишенгендердин бардык кардарларыбызга ыраазычылык билдиребиз. Бул биздин кардарларыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө эң мыкты тандоолорду гана сунуштоо үчүн бизди андан ары өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө дем берет», - деп белгиледи MBANK.

Visa сыйлыктары эл аралык деңгээлде ишенимдин, сапаттын жана таануунун ырастоосу болуп саналат. MBANK Кыргызстандын заманбап финансылык технологиялар дүйнөсүндөгү ролун сыймыктануу менен көрсөтөт.

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ № 014 Лицензиясы

479
2024-12-13T18:59:17+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.