MBANK - ELQR-төлөм жүргүзүү боюнча лидер аталды

«Банктар аралык процессинг борбору» 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарып, MBANK’ка «ELQR активдүү колдонуучулардын саны боюнча жылдын өнөктөшү» ардактуу наамын ыйгарды.

MBANK - ELQR-төлөм жүргүзүү боюнча лидер аталды

«Банктар аралык процессинг борбору» 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарып, MBANK’ка «ELQR активдүү колдонуучулардын саны боюнча жылдын өнөктөшү» ардактуу наамын ыйгарды. 

Бул сыйлык MBANK’тын QR-төлөмдөр боюнча алдыда экендигин ырастап, башка мобилдик банкинг жана электрондук капчыктарга караганда QR-код менен көбүрөөк төлөм жүргүзүлөрүн көрсөтүп турат. 

ELQR - Кыргызстандын Улуттук банкынын демилгеси менен иштелип чыгып, «MПК» ЖАК тарабынан ишке ашырылган бирдиктүү улуттук QR-код стандарты.

MBANK өлкөнүн коммерциялык банктарынын ичинен биринчилерден болуп QR-төлөм системасын ишке киргизип, кардарларын сатып алуулар жана онлайн төлөмдөр үчүн кешбэк алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн. 

Анын алкагында банк кардарларына сатып алуулары үчүн Кыргызстандын өнөктөштүк тутумунда 50% кирешелүү кешбэк берет. 

«Биз Кыргызстандын санариптик төлөм экосистемасынын өнүгүүсүнө жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга салым кошуп жатканыбызга кубанычтабыз. Биздин кардарлар QR-код аркылуу төлөөнүн ыңгайлуулугун жогору баалашты жана бул төлөм ыкмасын активдүү колдонуп жатышат. Биз ыңгайлуу жана эффективдүү төлөм инструменттерин киргизүүнү улантабыз жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшөбүз», - дейт MBANK’тын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Торалиев.  

QR-төлөмдөрү Кыргызстандын каржылык инфратүзүмүнүн ажырагыс бөлүгү болуп, мобилдик тиркемелер жана түзмөктөр аркылуу транзакцияларды жүргүзүү үчүн эффективдүү жана коопсуз. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.