MBANK жаңы кызматын сунуштайт: бажы төлөмдөрүн онлайн төлөө
ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» | МBANK Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте жаңы кызматты сунуштайт – МBANK’та бажы төлөмдөрүн төлөө.
Жаңы кызмат бажы төлөмдөрүн төлөө жол-жобосун жеңилдетүүгө жана бажылык тариздөө процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет.
Жаңы кызмат төлөмдүн эки түрү бар:
- Алдын ала;
- Пакеттик.
МBANK’та бажы төлөмдөрдү кантип төлөө керек?
Пакеттик төлөм ыкмасы:
- Бажы брокерден документтердин пакетин алыңыз;
- QR-кодду сканерлеңиз, пакеттин идентификаторун киргизиңиз жана төлөмдү жасаңыз;
- Каттоо үчүн документтер менен бирге кызматкерге квитанцияны көрсөтүңүз. Даяр!
Алдын ала төлөм ыкмасы:
- MBANK аркылуу өзүңүздүн жеке эсебиңизди алдын ала толуктаңыз;
- Бажы брокеринен документтерди алгандан кийин, дароо каттоого өтүңүз. Даяр!
MBANK тиркемесин орнотуп, мамлекеттик кызматтар үчүн төлөөнүн оңойлугуна жана ыңгайлуулугуна ээ болуңуз!
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн шилтемени караңыз.