Каржылык транзакциялардын географиясын кеңейтүү өнөктөштөр жана жакындар менен баарлашууну жеңилдетет.
MBANK аркылуу ЕВРО менен SWIFT которуулардын артыкчылыктары:
- Ыңгайлуулугу жана жеткиликтүүлүгү: көнүп калган MBANK каналдары аркылуу ЕВРО менен которууларды жөнөтүңүз жана алыңыз.
- Кеңири география: Европа, Азия, Америка жана дүйнөнүн башка аймактарындагы өлкөлөргө акча которуңуз.
- Ишенимдүүлүк: DZ BANK AG - туруктуулуктун жана эл аралык төлөмдөрдү тейлөөнүн жогорку деңгээлинин гаранты болуп саналат.
MBANK аркылуу ЕВРО менен SWIFT-которууларды ким жасай алат?
- Жеке жактар: MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу «SWIFT-которуулар» бөлүмүндөгү ЕВРО менен которууларды оңой жөнөтүңүз жана алыңыз.
- Юридикалык жактар: Ыңгайлуу MBusiness интерфейси аркылуу ЕВРО менен эл аралык бизнес төлөмдөрүн жүргүзүңүз.
MBANK колдонмосу аркылуу EURO менен SWIFT которууну кантип жөнөтүүгө болот:
- MBANK колдонмосун ачып, «SWIFT-которуулар» бөлүмүнө өтүңүз.
- Алуучунун бардык керектүү реквизиттерин, анын ичинде EURO менен которуу үчүн деталдарды киргизиңиз.
MBusiness колдонмосу аркылуу ЕВРО менен SWIFT-которууну кантип жөнөтүүгө болот:
- MBusiness колдонмосун ачып, «Валюта менен банктар аралык которуулар» бөлүмүнө өтүңүз.
- Которуу валютасын - ЕВРО көрсөтүү менен алуучунун реквизиттерин киргизиңиз.
MBANK — Биринчи санарип!
КР УБ № 014 лицензиясы