Курс USD 86.42 / 86.85
Курс EUR 90.77 / 91.75
Курс RUB 0.853 / 0.883
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
86.42 / 86.85
EUR EUR
90.77 / 91.75
RUB RUB
0.853 / 0.883
KZT KZT
0.121 / 0.191

MBANK Эл аралык PLUS Galaxy Award 2024 сыйлыктар аземинде бир эле учурда 2 номинацияда жеңишке жетишти

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK престиждүү эл аралык PLUS Galaxy Award 2024 сыйлыгынын бир нече олуттуу категорияларынын лауреаты болду.
MBANK Эл аралык PLUS Galaxy Award 2024 сыйлыктар аземинде  бир эле учурда 2 номинацияда жеңишке жетишти

Салтанаттуу сыйлоо аземи Эл аралык ПЛАС-Форум Digital Kazakhstan алкагында өттү. Салтанат кечинде Rixos Almaty мейманканасында болуп өтүп, форумдун биринчи күнүнүн официалдуу бөлүгү жыйынтыкталды.

PLUS Galaxy Award Almaty 2024 каржылык-технологиялык индустриясындагы мыкты жетишкендиктерди баалайт жана компаниялардын санариптик технологияларды өнүктүрүүгө кошкон салымына маанилүү баа берүүчү катары кызмат кылат.

«Биздин Эл аралык форум Борбор Азиянын жана КМШнын каржылык-техникалык индустриясынын мыкты оюнчуларын чогултат жана Сыйлык мунун далили боло алат. Биз ишканалардын жогорку жетишкендиктерин баса белгилеп айтып, алардын ийгиликтерине күбө болуп жаткандыгыбызга кубанычтабыз. Албетте, MBANK’тын Кыргызстандын рыногунда кандай иш алып барып жатканын, канча жаңычылдыктарды киргизип жатканын жана бүтүндөй секторго,ошону менен эле, өлкө үчүн гана эмес, бүтүндөй регион үчүн үлгүлүү инновацияларды киргизип, жигердүү иш алып барып жаткандыгын белгилебей коюуга мүмкүн эмес. Ал эми эл аралык эксперттик жюри бул эбегейсиз эмгекти жогору баалайт», - деп белгиледи, сыйлыктын уюштуруучусу Константин Гризов.

Бул жылы MBANK электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча мыкты чечимдерди ийгиликтүү ишке ашыруунун аркасында «RegTech'тин Мыкты чечими» жана MBonus – кардарлары үчүн лоялдуулук программасын жигердүү ишке ашыруунун натыйжасы менен «Эң мыкты лоялдуулук программасы жана тейлөө сапаты « номинациялары боюнча сыйланды.

Жетишкен сыйлыктар банктын инновациялык чечимдер жана кардарларды сапаттуу тейлөө боюнча лидерлигин тастыктайт.

Эл аралык ПЛАС-Форум Digital Kazakhstan – Борбордук Азиядагы жана КМШдагы эң ири платформалардын бири, ал банктардын, чекене сооданын, электрондук коммерциянын, төлөм системаларынын өкүлдөрүн жана технологиялык чечимдерди иштеп чыгуучулардын башын бириктирет. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, алдыңкы эксперттер жана тармактын катышуучулары каржы жана массалык дистанциялык кызматтар чөйрөсүндөгү учурдагы тенденцияларды жана санариптик инновацияларды талкуулоо үчүн чогулушту.

Ошентип, MBANK‘тын бул иш-чарага катышуусу жана PLUS Galaxy Award Almaty 2024 сыйлыгындагы ийгилиги банктын жогорку сапатка, инновацияларга жана кардарлардын суроо-талабына кызмат көрсөтүүгө берилгендигин, ошондой эле Кыргызстандагы каржылык-техникалык чечимдеринде жана санариптик банкингинде лидер катары өз ордун баса белгилейт.

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ № 014 лицензиясы

2336
2024-10-31T14:26:39+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.