Курс USD 88.38 / 89.24
Курс EUR 94.76 / 95.74
Курс RUB 0.953 / 0.978
Курс KZT 0.138 / 0.207
USD USD
88.38 / 89.24
EUR EUR
94.76 / 95.74
RUB RUB
0.953 / 0.978
KZT KZT
0.138 / 0.207

MBANK эскертет: шылуундардан сак болуңуз!

Коопсуздук максатында жана алдамчылык фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу, MBANK кардарларына сактык чараларын көрүүнү эскертет.
MBANK эскертет: шылуундардан сак болуңуз!

Акыркы убакта социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында банктын расмий логотиптерин жана MBANK’ка шилтемелерди пайдалануу менен алдамчылык фактылары көп катталууда.

Ишенимдүүлүктү арттыруу үчүн шылуундар белгилүү инсандардын жана мамлекеттик кызматкерлердин сүрөттөрүн мыйзамсыз пайдаланып, ири суммадагы акча табууну сунуштап жатышат.

MBANK мындай шылуундардын иштерине эч кандай тиешеси жок экенин расмий түрдө билдирет.

«Биз кардарларыбызга өздөрүнүн жеке маалыматтарын, картанын реквизиттерин, жарактуулук мөөнөтүн, CVC/CVV сырсөздөрүн, PIN-коддорун текшерилбеген сайттарга киргизбөөнү сунуштайбыз. Банк кызматкерлери эч качан SMS билдирүүлөрдөн картанын толук номерин, сырсөздөрдү жана бир жолку коддорду сурашпайт», - деп билдирет банк.

Кардарлардын банктык маалыматтарын коргоо үчүн MBANK кардарларды алыстан видео идентификациялоо аркылуу алдамчылыкка каршы заманбап системаларды колдонот. Эки факторлуу колдонуучу аутентификациясы интернет, 3D-Secure аркылуу сатып алууда да колдонулат.

Банктын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын аныктыгы жана актуалдуулугу үчүн MBANK сизден www.mbank.kg расмий веб-сайтынан жана банктын @mbankkgz социалдык тармактарындагы маалыматтарды гана колдонууну өтүнөт. 

3560
2023-12-05T16:13:08+06:00