Курс USD 86.53 / 87.03
Курс EUR 93.25 / 94.22
Курс RUB 1.005 / 1.040
Курс KZT 0.119 / 0.190
USD USD
86.53 / 87.03
EUR EUR
93.25 / 94.22
RUB RUB
1.005 / 1.040
KZT KZT
0.119 / 0.190

Ипотекалык үйлөрдүн мезгил кутусун салуу

Бишкек шаарында Волкова жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы турак жай комплексинин курулушу башталды. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүн жаңы турак жай комплекстин мезгил кутучасын салды.
Ипотекалык үйлөрдүн мезгил кутусун салуу

Жердин жалпы аянты 12,80 гектарды түзүп бул жерге көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курулат. Көп функционалдуу турак жай комлексинде 9 кабаттан турган 51 блок үйдүн курулушу каралып, батирлердин саны жалпы саны 2 990. 

Ошондой эле турак жай комлексинде көп кабаттуу үйлөрдөн сырткары мектеп, бала бакча, спорт жана балдар аянтчалары, унаа токтоочу жайлар, соода дүкөндөрү, коомдук тамактануучу жайлар каралып, турмуш тиричиликке керектүү баардык коммуникациялар каралган.

Үйлөр курулуп бүткөндө «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын шарттарына ылайык ипотекага 15,25 жылдык мөөнөткө берилмекчи.

Эске сала кетсек, өткөн жуманын соңунда Нарын облусунун Кочкор айылында жана Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында да ипотекалык үйлөрдүн мезгил кутучасы салынды.

Бүгүнкү күнү, республика боюнча 12 миңден ашык батирлүү көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында өлкөбүздүн ар бир аймагында 16 миңден ашуун батирдин курулушу пландалууда.

1423
2024-07-05T12:33:04+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.