Курс USD 84.33 / 84.83
Курс EUR 92.96 / 93.93
Курс RUB 0.918 / 0.949
Курс KZT 0.121 / 0.191
USD USD
84.33 / 84.83
EUR EUR
92.96 / 93.93
RUB RUB
0.918 / 0.949
KZT KZT
0.121 / 0.191

Кыргыз Республикасынын жаңы «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасы кабыл алынды

Программа мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен, тармактык саясаттын багыттарын аныктоочу, мамлекеттик турак жай саясатын андан ары өнүктүрүүнүн жаңы көз карашы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын жаңы «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасы кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун «Менин үйүм» программасы Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык иштелип чыкты.

Жаңы Программаны ишке ашыруунун алкагында турак жай менен камсыз кылууга комплекстүү чараларды колдонуу пландалууда. Комплекстүү чаралар турак жай курулушунун көлөмүн арттырууга, анын наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоо, ипотекалык кредит берүү шарттарын жакшыртууга жана жеке турак жай шарттарын өз алдынча жакшыртууга мүмкүнчүлүгү бар жарандардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк түзөт.

Программанын жоболору жана принциптери Кыргыз Республикасында аймактык өнүктүрүүнүн документтеринин негизине салынат.

«Менин үйүм 2021–2026» турак жай программасын ишке ашыруу практикасы мамлекеттик турак жай каржылоо механизмдерине суроо-талаптын жогорулашын көрсөттү. Үч жылга жетпеген убакытта турак жайды каржылоого 21 миңден ашык жаран кезекке туруп, ушул эле учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын электрондук порталында 100 миңден ашуун жаран электрондук өтүнмөнү каттоо процессинде турат.

2016-жылдан азыркы убакытка чейин аралыкта МИК коммерциялык банктар аркылуу 16 млрд сомдон ашык суммага 9,5 миңге жакын мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүнү каржылаган. Анан ичинен 9,4 млрд сомго 4 миң кредит «Менин үйүм 2021–2026» программасынын алкагында берилди (203,5 миң чарчы метр турак жай сатып алынды). МИКтин ишмердүүлүгүнүн башында 2016-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүү республикадагы турак жай рыногуна олуттуу таасирин тийгизген эмес. Анткени, ал мезгилде мамлекеттик ипотекалык кредиттөөгө республикалык бюджеттен жыл сайын орточо 760 млн сом бөлүнгөн, же 690 ипотекалык кредит (МИК ипотекалык кредитинин орточо суммасы 1,1 млн сом).

2021-жылдан баштап мамлекеттик турак жай программасын республикалык бюджеттен каржылоо жагынан мамлекеттик колдоо кыйла көбөйдү. Бир жарым жылда (2021-жылдын августунан 2022-жылдын аягына чейин) толугу менен коммерциялык банктар аркылуу мамлекеттик ипотекалык кредиттөөгө багытталган республикалык бюджеттен 4,5 млрд сом бөлүндү. Ушул эле учурда мамлекеттик ипотеканын шарттары максималдуу түрдө жеңилдетилди, пайыздык чен жылдык 4% га деңгээлине төмөндөтүлдү, кредиттин мөөнөтү 25 жылга чейин узартылды. Кредит берүүнүн бул шарттары мамлекеттик ипотекалык кредиттерге суроо-талаптын жогорулашынан жана алардын жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүнөн улам өлкөнүн рыногунда турак жайдын наркын жогорулатуунун өбөлгөсү болуп калды.

Салыштыруу үчүн, 2016-2020-жылдар аралыгында кредиттин орточо суммасы 1,1 млн сомду түзсө, 2021-2023-жылдары кредиттин орточо суммасы 3,2 млн сомду түзгөн. Бирок, кредиттин орточо суммасынын көбөйгөнүнө карабастан, мамлекеттик ипотекалык кредиттин эсебинен сатып алынган турак жайдын аянты ошол эле бир деңгээлде калган.

Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу республиканын турак жай фондунун көбөйүшү менен тыгыз байланышта. Жылына орто эсеп менен 1 млн чарчы метр турак жай колдонууга берилет, ошол эле учурда мамлекет тарабынан курулган турак жайдын үлүшү бир нече ондогон миң чарчы метрди түзөт. Ушундан улам, мамлекеттин ири шаарлардагы жаңы турак жайдын наркын көзөмөлдөөгө рычагдары жок, анткени турак жайлар пайда табууну көздөгөн жеке компаниялар тарабынан курулат. Ошол эле учурда, курулуштун сапатына эч кандай зыян келтирбестен, заманбап материалдарды жана курулуш нормаларын колдонуунун шарттарында ири шаарларда да, айыл жерлеринде да курулуп жаткан турак жайдын өздүк наркын бир кыйла төмөндөтүүгө болот.

Ушуга байланыштуу, 2023-жылдын башынан тартып мамлекеттик турак жай саясатынын негизги багыты мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүдөн турак жай фондун көбөйтүү максатында мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында турак жай курулушун каржылоого түп-тамырынан өзгөртүлдү. Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Каракол шаарларында аянты 700 миң чарчы метр, баасы 36 млрд сом болгон 11,3 миң батир курула баштады. Курулган турак жай ушул Программанын катышуучуларына турак жайды каржылоо механизмдери аркылуу берилет. 

Жаңы программанын максаты жана артыкчылыктуу милдеттери

Программанын негизги максаты өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу болуп саналат. 

Негизги стратегиялык максаттарга жетүү төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерди аткаруу жолу менен камсыз кылынат: 

  • турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү;
  • турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү;
  • каржылоо булактарын тартуунун көлөмүн көбөйтүү;
  • Программанын процесстерин санариптештирүү. 

Күтүлүүчү натыйжалар

2030-жылдын аягында төмөнкү көрсөткүчтөргө жетүү камсыздалат:

  • жалпы суммасы 100 млрд сомдон кем эмес каржылоо тартылган, анын ичинен эл аралык донорлордун эсебинен; 
  • 2 млн чарчы чарчы метрден кем эмес көлөмдөгү турак жайды сатып алуу жана курулуш каржыланды; 
  • 40 миңден кем кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз кылынды.

Өлкөнүн жарандарын турак жай менен камсыз кылуу республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү аспектилеринин бири болуп саналат. Бул маселени чечүү калктын жашоо-турмушунун деңгээлине оң таасирин тийгизет, тышкы жана ички миграцияны азайтууга өбөлгө болот, жер-жерлерде жогорку квалификациялуу кадрларды бекемдөө үчүн шарттарды түзөт, коомдогу социалдык чыңалуунун деңгээлин төмөндөтөт, жана ошондой эле жалпысынан жарандардын жашоо сапатына таасирин тийгизет. Ошондуктан, калктын турак жайга болгон суроо-талабын канааттандырууга мүмкүндүк берген турак жай менен камсыз кылуу механизмдерин колдонуу бөлүгүндө мамлекеттин бирдиктүү стратегиясын түзүү зарыл.

220
2024-08-06T15:13:43+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.