Курс USD 83.59 / 84.38
Курс EUR 90.52 / 91.49
Курс RUB 0.953 / 0.990
Курс KZT 0.122 / 0.195
USD USD
83.59 / 84.38
EUR EUR
90.52 / 91.49
RUB RUB
0.953 / 0.990
KZT KZT
0.122 / 0.195

MBANK QR аркылуу накталай акча алуунун ыңгайлуу жаңы жолу

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK — жаңы QR накталай кызматы MKASSA’дан ишке киргизгилгенин жарыялайт.
MBANK QR аркылуу накталай акча алуунун ыңгайлуу жаңы жолу

Накталай акча алуу үчүн эми банкоматтарды издөөнү унутуңуз! Эми сиз «Азия» же «Азбука» супермаркеттер түйүндөрүнүн кассасынан акча каражаттарын MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу QR-кодду колдонуу менен накталай ала аласыз.

Каражаттарды накталай алуу процесси жөнөкөй: «Азия» же «Азбука» супермаркет түйүндөрүнүн кассасына барып, кассирден накталай акча берүүнү сурап, терминалдагы QR-кодду сканерлеп, накталай акча ала алыңыз.

«Кыргызстанда накталай акча каражаттары дагы деле активдүү колдонулууда. Ошондуктан, биз кардарларыбыздын ыңгайлуулугу үчүн акча каражаттарын накталай алууну жеңилдеткен жаңы мүмкүнчүлүк түздүк. Мобилдик тиркеме аркылуу QR-код менен кассадан накталай акча алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мындайча айтканда, банкоматтардан же банк филиалдарынан тышкары, дүкөндүн кассасынан накталай акча алууга болот. Биздин кардарлар Кыргызстандын аймагында биринчи жолу ишке киргизген инновациялык кызматты жогору баалашат деп ишенебиз», - дейт MBANK стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү башкармалыгынын директору Марат Торалиев.

«Азия» жана «Азбука» супермаркеттер түйүндөрү өлкө боюнча жайылып жатат, ошондуктан сиз ар дайым накталай акча алуунун ыңгайлуу жана оңой ыкмасына жете аласыз. 

«Азия» жана «Азбука» дүкөндөрүнөн акчаны кантип накталайсыз?

  1. Дүкөндүн кассасына барыңыз;
  2. Кассирден керектүү сумманы сураңыз;
  3. Керектүү сумманы киргизиңиз;
  4. Терминалдан QR-кодду сканерлеп, акчаны накталай алыңыз.

Шарттар:

  • Комиссия сумманын 0,5%ын түзөт;
  • Минималдуу суммасы 100 сом;
  • Сутка ичиндеги лимит 15 000 сом;
  • Накталай 100 сомго эселенип берилет (мисалы, 100, 200, 300, 400 сом).

«Азия» жана «Азбука» супермаркеттер түйүндөрүнөн накталай акча алуу үчүн супермаркеттердин тизмесин MBANK тиркемесинен тапса болот. Негизги экранда «Дагы», «Банкоматтар», «MKASSA» бөлүмүн ачыңыз. 

Ошондой эле «Азия» жана «Азбука» супермаркеттеринин сайттарынан тапсаңыз болот. 

MKASSA’дан жаңы QR накталай кызматын колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз - убакытты үнөмдөңүз, акчаны тез жана эч кыйынчылыксыз алыңыз!

1407
2024-06-05T17:02:28+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.