Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 97.31 / 98.31
Курс RUB 1.067 / 1.104
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
97.31 / 98.31
RUB RUB
1.067 / 1.104
KZT KZT
0.117 / 0.187

Үстүбүздөгү жылдын 5 айына жетпеген убакытта айыл чарба тармагын колдоо үчүн 289 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү

Өнөр жай, туризм жана ипотека менен катар айыл чарбасы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү «Кепилдик фонд» ААКсынын ишмердигинде артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.
Үстүбүздөгү жылдын 5 айына жетпеген убакытта айыл чарба тармагын колдоо үчүн 289 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү

Жыл башынан бери айыл чарбасын колдоого жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө 862 кепилдик бөлүнүп, жалпысынан 1413 кепилдиктен 57,4%ды түздү.

Айыл чарба тармагында иштеген ишкерлерди колдоого суммасы 289 миллион сом кепилдиктер берилди,ал эми кредиттердин көлөмү 726 миллион сомду түздү.

Кепилдиктердин эң көп бөлүгүн Жалал-Абад облусунун ишкерлери пайдаланып, аларга 57,5 млн сомдук 235 кепилдик берилген. Экинчи орунда Ош облусунун ишкерлери турат, алар 50,3 млн сомдук 163 кепилдик алышкан. Ал эми үчүнчү орунда 39,2 млн сомдук 129 кепилдик менен Чүй облусу турат.

Андан кийин, алдыңкы үч облустан кийин:

  • Талас облусу - 75,1 млн сомго 99 кепилдик;
  • Ысык-Көл облусу - 21,9 млн сомго 82 кепилдик;
  • Баткен облусу - 20,4 млн сомго 81 кепилдик;
  • Нарын облусу - 22,9 млн сомго 66 кепилдик.
1199
2024-05-29T16:42:13+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.