Жетинчи жыл катары менен «Кепилдик фонд» ААКнын кепилдиктеринин кайтарымдылуугу 100%га жакын
2023-жылы «Кепилдик фонд» ААК өлкөнүн ишкерлерине колдоо көрсөтүп, ишмердүүлүгүнүн бардык мезгили боюнча эң көп санды - 2,8 миллиард сомдон ашык суммага 4 376 кепилдик берген.
Жети жыл ичинде Кепилдик фонд өз каражаттарынын кайтарымдылуугунун жогорку көрсөткүчүн сактап келе жатат, ал 2023-жылдын аягында 97,6% түздү.
Фонддун ишинин бүткүл мезгилиндеги кайтарымдылуугунун көрсөткүчү 97,6%дан 100%га чейин өзгөргөт, ал эми жети жылдык орточо көрсөткүчү 99,2%ды түздү.
«Кепилдик фонд» ААКсынын ишинин натыйжалары жана анын кепилдиктеринин жогорку кайтарымдуулугу мамлекеттин жана өлкөнүн бизнесинин ага артылган үмүтүн толук актайт.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.