Курс USD 88.64 / 89.47
Курс EUR 94.81 / 95.81
Курс RUB 0.947 / 0.973
Курс KZT 0.138 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.47
EUR EUR
94.81 / 95.81
RUB RUB
0.947 / 0.973
KZT KZT
0.138 / 0.206

Өзүмө сынап көрдүм: Кайсы банктан аныктамасыз, күрөөсүз жана ишенимдүү адамсыз насыя алса болот?

Эгерде сизде расмий иштеген жериңиз жок болсо, банктан насыя алуу татаалдыкты жаратат. Banks.kg порталынын журналисти киреше жана кредиттик тарыхы тууралуу маалымкатсыз насыя алуунун бардык кыйынчылыктарын башынан өткөрдү.
Өзүмө сынап көрдүм: Кайсы банктан аныктамасыз, күрөөсүз жана ишенимдүү адамсыз насыя алса болот?

Редакциянын тапшырмасы төмөнкүдөй болгон: насыяны иштеген жеринен справка жана түгөйүнүн макулдугусуз алууга мүмкүндүгүн билүү. Анткени Кыргызстанда насыя берүүнүн стандарттык талаптары ушулар болуп саналат.  

Көрсө, эгерде расмий жумуш жок болсо же киреше аз болсо насыя алуу бардык жерден эле мүмкүн эмес. Оор жагдайлардын бири кредиттик тарыхтын жоктугу: жакшымы да, жаманы да.  

Ал эми кредиттик тарыхты баштоо үчүн атайын план иштелип чыккан: кандай гана болбосун насыя алуу. Варианттардын бири катары кандайдыр бир товарды бөлүп төлөө жолунда алуу, бирок тапшырма башкада - товар эмес насыя алуу.  

Тилекке каршы, план ишке ашпай калды. Банктар биринин артынан бири жогоруда айталган маалыматкаттарды  талап кылышты. Редакциянын  тапшырмасын эстейли: расмий киреше булагы жок адам үчүн кредиттик тарыхты баштап, насыя алуу.

Алгач насыяны жогорку суммада 100 миң сом алууга аракет көрдүк, бирок бир катар четке кагуулардан улам 10 миң сомго токтолдук. Ошондо дагы бул сумманы айрым банктар займга берүүнү каалашкан жок. Насыяны онлайн дагы кеңсеге барып дагы ала алган жокпуз.

Көп өтпөй, кабарчыга ийгилик Optima24 тиркемесинен жылмайды. Насыя алуу үчүн берилген  арыз кабыл алынды. Акча алуу үчүн онлайн идентификациядан өтүп, андан соң тастыктоо коду менен SMS келди. Бир аздан кийин анын эсебине суралган 10 миң сом которулган. 

Кийинчерээк белгилүү болгондой, насыя алуу үчүн арыздын жактырылышы кокустук эмес экен. Көрсө, «Оптима Банк» ААК атайын онлайн кредиттөө пакетин ишке киргизиптир. Бул күтүлбөгөн чыгашалар, үй-бүлө жана достор үчүн белектер, жалпы жолунан ар кандай муктаждыктар үчүн иштелип чыккан. Эң негизгиси насыяны алуу тез, ыңгайлуу жана банк кеңсесине барбай эле алса болот! 

«Онлайн насыя» керектөө кредитин 5 мүнөттүн ичинде 200 000 сомго чейин алса болот. Төлөө күндөрү акча каражатын талап боюнча эсепке киргизүү керек. Кйин аталган сумма  автоматтык түрдө эсептен чыгарылып алынат.

Насыяны кантип алуу керек?

  • Optima24 мобилдик тиркемесин ачыңыз жана башкы экрандагы «насыя алуу» баскычын тандаңыз;
  • Насыянын шарттарын кунт коюп таанышып чыгыңыз да «улантуу» баскычын басыңыз;
  • Ала турган сумманы жана насыянын мөөнөтүн жазып, өзүңүз тууралуу мааалыматты тиркеңиз;
  • Аралыктан идентификациядан өтүп, кредит алууну тастыктаңыз.  

Насыя алуунун шарттары:

  • Кредиттин суммасы 200 000 сомго чейин;
  • Пайыздык чен 26%дан жылдык;
  • Кредиттин мөөнөтү 24 айга чейин;
  • Жашы 21 жаштан жогору;
  • Киреше тууралуу маалымкат, күрөө жана ишенимдүү адам талап кылынбайт. 
  • Насыяны берүү иш күндөрү: 09:00дөн 18:00гө чейин берилет.
  • КРнын социалдык фондуна айлык акы тууралуу суроо талап берилет. 
  • Жылдык эффективдүүлүк чен 29,02%дан жогору.

Белгилей кетсек, насыя алардан мурун мүмкүнчүлүктөрүңүз тууралуу эрте ойлонуңуз. 

Кредитти алган соң төлөмдөрдү убагында аткаруу керек, анткени бул нерсе кредиттик тарыхыңызга таасирин тийгизет. Болбоду дегенде кардардын рейтинги түшүп, кийинки жолу насыя алууда таасирин тийгизет.  

Ошону менен катар эле банктан кредит алуу - бул кардарда дос дагы душман дагы эмес, жөн гана продукт. Бул тең салмактуу жана пайдалуу мамиле кылганда пайда гана алып келе турган курал.