Курс USD 86.85 / 87.35
Курс EUR 89.87 / 90.83
Курс RUB 0.834 / 0.871
Курс KZT 0.115 / 0.186
USD USD
86.85 / 87.35
EUR EUR
89.87 / 90.83
RUB RUB
0.834 / 0.871
KZT KZT
0.115 / 0.186

Милиция кызматкерлери алдамчылык фактысы боюнча шектүүнү кармашты

2024-жылдын 22-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге К.А. аттуу жаран арызы менен кайрылып, анда Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу пункттунун кызматкерлерине карата мыйзамдуу чара көрүп берүүсүн суранган. Себеби, ушул жылдын 22-ноябрь күнү жабырлануучуну алдоо жолу менен ишеничине кирип, USDT крипто валютасын сатып алам деген шылтоо менен, 42 миң АКШ долларын ээлеп алганын билдирген.
Милиция кызматкерлери алдамчылык фактысы боюнча шектүүнү кармашты

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине («Алдамчылык») ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1993-жылы туулган Б.Н., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Көңүл бурунуздар! Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: (0-504) 00-66-11 же 102.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Басма сөз кызматы

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.