Аймактарда банктан кредит алууда кепилдикке кайда кайрылса болот? Даректер, телефондор
Кыргызстандын бардык аймагындагы ишкерлер, эгерде бизнести өнүктүрүү үчүн банктардан насыя алуу үчүн күрөөсү жетишсиз болсо, «Кепилдик фонд» ААКсына кепилдик алуу үчүн кайрыла алышат.
Кепилдие ишкердик субъекттерге жүгүртүү каражаттарын толуктоо же негизги каражаттарды сатып алуу, ошондой эле өндүрүштү кеңейтүү үчүн берилет.
Негизги кызматтан тышкары – күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда ишкерлердин кредиттик ресурстарга жетүүсүн кепилдөө, «Кепилдик фонд» ААК өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкерлер үчүн сапаттуу бизнес-пландарды түзүүгө көмөк көрсөтөт. Кепилдик фондунун кызматкерлери бизнес-долбоорлорду даярдоо стадиясында бизнеске консультациялык колдоо көрсөтөт.
Эскерте кетсек, Кепилдик фондунун филиалдары Кыргызстандын бардык аймактарында жайгашкан:
- Каракол - Абдрахманов көчөсү, 105, 68-кабинет. Тел.: (0-550) 05-39-22;
- Нарын шаары - Ленин көчөсү, 76. Тел.: (0-550) 04-35-22;
- Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү, 287, 309-кабинет. Тел.: (0-550) 05-34-22;
- Ош - Ленин көчөсү, 221, 67-кабинет. Тел.: (0-555) 50-32-22;
- Жалал-Абад - Эркиндик көчөсү, 11. Тел.: (0-550) 05-37-22;
- Баткен - Нургазиев көчөсү, 26. Тел.: (0-550) 05-36-22;
- Бишкек шаары - Чүй проспектиси, 114, 409-кабинет. Тел.: (0-556) 62-53-79, (554)17-71-05, (0-312) 62-53-79.
Кепилдиктерди алуу үчүн бардык шарттарды www.gf.kg сайтынан тапса болот.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.