Курс USD 88.36 / 89.23
Курс EUR 94.81 / 95.80
Курс RUB 0.947 / 0.971
Курс KZT 0.138 / 0.206
USD USD
88.36 / 89.23
EUR EUR
94.81 / 95.80
RUB RUB
0.947 / 0.971
KZT KZT
0.138 / 0.206

#ONE MAGAZINE AWARDS 2023 версиясы боюнча мыкты ишкерлери, компаниялары жана ишмерлери аныкталды

13-январьда Sheraton Bishkek мейманканасында VIII жылдык #ONE MAGAZINE AWARDS 2023 алкагында мыкты ишкерлерди, компанияларды жана ишмерлерди аныктоо боюнча бизнес-иш-чара өттү. MBANK - иш-чаранын өнөктөшү.
#ONE MAGAZINE AWARDS 2023 версиясы боюнча мыкты ишкерлери, компаниялары жана ишмерлери аныкталды

Иш-чаранын өнөктөшү катары өлкөнүн биринчи санариптик банкы ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» MBANK катышты.

«Мындай иш-чаралардын өлкөдө өтүп жатканы абдан жакшы, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн ишкерлердин салымы абдан маанилүү. Биз үчүн бизнес-коомчулукту колдоо маанилүү жана биз дайыма жардам берип, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды жана пайдалуу инструменттерди түзөбүз», - деп белгилейт коомчулук менен байланыш жана коммуникациялар бөлүмүнүн директору Асель Абыкеева.

Бул жылы иш-чара түстүү Индиянын темасына арналып, көптөгөн коноктор дресс-кодго ылайык кийимдерди тандоо менен кечтин көркүн ачышты.

Иш-чаранын башкы өнөктөшү - Кыргызстандагы биринчи өнүктүрүүчү ARTWIN. 

Сыйлык тапшыруу аземине #ONE MAGAZINE бизнес журналынын версиясы боюнча Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон ар кыл тармактагы 25 мыкты ишкерлер жана ишмерлер катышты.

Кече кызыктуу окуяларга, таанышууларга, нетворкингге, эстрада жылдыздарынын концерттерине жана катышуучулар менен жеңүүчүлөрдүн эмоциялуу сөздөрүнө бай болду.

Номинациянын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:

  • «Улут сыймыгы» - Кадыр Сайдилкан;
  • «Жылдын ишкер айымы» (Социалдык бизнес) - Бермет Тологонова;
  • «Жылдын ишкери» (Социалдык бизнес) - Айбек Джангазиев;
  • «Жылдын бренди» (Эл аралык) - DBillions;
  • «Жылдын бренди» (Локалдык) - «Мамины рецепты»;
  • «Өлкө үнү» - Мирбек Атабеков;
  • «Жылдын өнүктүрүүчү» - ARTWIN;
  • «Жылдын дарыгери» (Респиратордук медицина) - Батыр Осмонов;
  • «Жылдын дарыгери» (Стоматология) - Рустам Торогелдиев;
  • «Жылдын мекемеси» - München Pub;
  • «Жылдын клиникасы» (Онкология) - Turkish Health Clinic;
  • «Жылдын кызматташуусу» - MEGA & РСК Банк;
  • «Түздөн-түз сатуу компаниясы» - Smart & Rich;
  • «Жылдын логистикалык компаниясы» - CAPS Logistics;
  • «Жылдын менеджери» - Рамиз Алиев («Тазалык»);
  • «Жылдын билим берүү долбоору» - «Приоритет» билим берүү комплекси;
  • «Жылдын коомдук ишмери» - Анжелика Кайратова;
  • «Жылдын мейманканасы» - Sheraton Bishkek мейманканасы;
  • «Жылдын электрондук соода платформасы» - Табарман;
  • «Жылдын ачылышы» - Азат Раимбердиев, Бек Исраилов;
  • «Жылдын социалдык-экологиялык компаниясы» - «Альянс Алтын»;
  • «Жылдын социалдык долбоору» - «Северное сияние»;
  • «Жылдын мыкты спортчусу» - Дмитрий Бивол;
  • «Жылдын мыкты курулуш компаниясы» - NURZAMAN;
  • «Жылдын туристтик компаниясы» - Unique Asia.

2205
2024-02-19T12:43:22+06:00