Курс USD 88.64 / 89.48
Курс EUR 94.74 / 95.71
Курс RUB 0.950 / 0.975
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.48
EUR EUR
94.74 / 95.71
RUB RUB
0.950 / 0.975
KZT KZT
0.137 / 0.206

Visa картасынын Кыргызстандын банктарындагы шарттары

Banks.kg порталына Visa картасы тууралуу суроолор көп келүүдө. Биздин оккурмандар үчүн Visa картасынын категориялары тууралуу маалыматтар даярдалды. Анда аталган картанын даяр болуу мөөнөтү, баасы, тейлөө кызматы тарифтери тууралуу баяндайбыз.
Visa картасынын Кыргызстандын банктарындагы шарттары

Материал Кыргызстандагы коммерциялык банктардын расмий сайтынын негизинде даярдалып, банктын атайын адистери тарабынан текшерилди. Banks.kg порталы аталган кызматкерлердин суроолорго ыкчам реакция жасагандарына ыраазычылык билдирет. 

КРдеги Visa карталар 

Visa сайтында карталардын төмөнкү категориялары сунушталат: Visa Classic, Visa Gold, Visa Platinum, Visa Signature, Visa Infinite. 

Кыргызстанда 14 банктан Visa картасынын ээси болууга мүмкүн. 

  • Visa Classic - бул төлөм картасы кардарларга дүйнөнүн бардык соода точкаларынан төлөмдөрдү комиссиясыз каалаган валютасында аткарууга мүмкүнчүлүк берет; 
  •  Visa Gold – банктык картасынын колдонуучусу дүйнөдөгү арзандатуулар боюнча сунуштарды алышат; 
  •  Visa Platinum - банктык картасы тейлөөнүн жогорку сапатын жана эксклюзивдүү сунуштарды жана кошумча кызматтардын кең спектрин колдоно алышат. 
  •  Visa Infinite - эл аралык Lux классынын картасы ага бардык деңгээлдеги кызматтар жеткиликтүү; 
  •  Visa Instant - эл аралык аты-жөнү жазылбаган карта, анын артыкчылыгы көз ачып жумганча которууларды кабыл алуу; 
  •  Visa Business Корпоративдик жана жеке чыгашаларды башкарууга жардам берет. Ошондой эле акча каражаттарын эффективдүү башкаруу үчүн лимит колдонсо болот.

Жогорудагы Visa картасынан тышкары банктар виртуалдык карталарды Visa Virtual колдонууга беришүүдө. 

Мындай карта менен чет жактагы жана өлкө ичинде онлайн-дүкөндөрдөн товарларды сатып алуу, ошондой эле айрым (Yandex, Netflix, IWI, iTunes ж.б) сервистерге катталуу мүмкүнчүлүгү бар. 

Кыргызстандын банктарынан сиз Visaнын дебеттик жана кредиттик картасын алсаңыз болот, ошону менен катар эле сиз Кыргызстанда кантип резидент жана резидент эмес болууну биле аласыз.

Banks.kg көп бериле турган суроолор боюнча таблица түздү. Шарттар тууралуу маалыматтарды толугу менен таблицадан тааныша аласыз, ошондой эле Кыргызстандын банктарынын расмий сайттарынан таба аласыз. 

Дебетовые карты VISA в банках Кыргызстана

Резидент жана резидент эместин шарттары

Кыргызстандын банктарынан сиз Visaнын дебеттик жана кредиттик картасын алсаңыз болот, ошону менен катар эле сиз Кыргызстанда кантип резидент жана резидент эмес болууну биле аласыз. Кыргызстандын банктары резидент жана резидент эместерге окшош кызматтарды сунушташат, бирок алардын тарифтери айырмаланат. Резидент эместер КРдин мобилдик тиркемелерин колдонуп, кайсыл жерде жүрбөсүн төлөм жүргүзө алат. Ушул себептен улам чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандан банк картасын ачтырууга кызыктар. 

«Резидент эмес картасын ачтыруу үчүн Кыргызстанга келип, паспорт, каттоо талону жана КРде көпкө калуу документин (иштөө, окуу, ишкерлик менен алек болуу) документин көрсөтүшү керек», - деп билдиришти бир катар банктардан. 

Белгилей кетсек, 2000-жылдын 5-июлундагы №26/2 Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкөлүк банктарда ачылган эсептерин жана депозиттерин каттоо жөнүндө жободо төмөнкүдөй белгиленген.

- физикалык жактар, КРде туруктуу жашаган, ошондой эле убактылуу бир жылдан кем эмес Кыргызстандан тышкары жүргөн жарандар. Чет өлкөлүк физикалык жактар резидент болуу үчүн бир жылдан кем эмес КРде жашоону көздөгөндөр же жашап жаткандар, (дипломатиялык же чет өлкөлүк өкүлдөрдөн сырткары). КРде туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр резидент болуш үчүн тийиштүү мекемеден атайын тастыктоочу документ алып келиши керек.

Эгерде резидент эмес КРде Visa картасын ачууну кааласа, ал колл-борборуна байланышып, кошумча консультация ала алат.

Карты Visa для нерезидентов в банках Кыргызстана

Кыргызстандын Visa карталарынын жылдык пайыздык калдыктары эсептелген банктардын тизмеси менен төмөнкү маалымат графикасынан таанышасыз.

Карты Visa с начислением процентов в банках КыргызстанаМындан тышкары, Кыргызстандын банктарындагы Visa кредиттик картасынын жеткиликтүү тизмеси тууралуу да маалымат даярдадык.

Чет өлкөлүк жарандар Visa картасын кантип ачтырышы керектиги тууралуу Banks.kg даярдаган материалдан тааныша аласыз. Чет өлкөлүк жарандар Visa Mastercard картасын Кыргызстандан кантип ачтырат.
Биздин окурмандардын ыңгайы үчүн Banks.kg Кыргызстандагы мультивалюталык жана моновалюталык карталар тууралуу макала даярдады.

#globalmoneyweek2024 

560
2024-03-19T09:51:40+06:00