Курс USD 84.07 / 84.56
Курс EUR 92.69 / 93.67
Курс RUB 0.921 / 0.960
Курс KZT 0.121 / 0.192
USD USD
84.07 / 84.56
EUR EUR
92.69 / 93.67
RUB RUB
0.921 / 0.960
KZT KZT
0.121 / 0.192

Кыргызстанда БИК жана учурдагы эсептин реквизиттерин кантип билсе болот?

БИК акча каражаттарын которуудагы эсептердин бир бөлүгү болуп саналат. Banks.kg порталы БИК тууралуу жана аны башка адамдар менен бөлүшүү коопсуздугун, дегеле мобилдик тиркемедеги банктык реквизиттерди каяктан тапса болорун изилдеп чыкты.
Кыргызстанда БИК жана учурдагы эсептин реквизиттерин кантип билсе болот?

Кээде чет өлкөдөн же өлкө ичиндеги акча которууда алуучудан БИК (банктык идентификациялык кодун) сурашы мүмкүн. Белгилей кетсек, аталган код жашыруун маалымат эмес, ошондуктан аны башкаларга билдирүү кооптуу нерсе болуп саналбайт.   

Банктык идентификациялык коду деген эмне?

БИК 6 сандан турган уникалдуу номер, ал бардык банктын бөлүмдөрүндө бар. Бул ИННдин аналогу десек да болот, бирок акча которууларды жүргүзүүдө аны башкалардан айырмалоо үчүн банктарга гана керек.

Өзгөчө бул эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүүдө зарыл. БИКтин негизги функциясы – эсеп кайсы банк бөлүмүндө ачылганын көрсөтүү.

Күнүмдүк банктык операцияларды жүргүзүүдө БИК кардарга керек эмес. Айрым учурда толук реквизит талап кылынган учурлар болот, мисалы, реквизиттерди колдонуу менен эсептен эсепке акча каражаттарын которууда, анын ичинде банктык картадан картага которууда. Бул мезгилде   алуучунун банкынын идентификациялык кодун көрсөтүү зарыл болушу мүмкүн.

Ошондой эле БИК келишимде, эсепте же актыларда көрсөтүлүшү мүмкүн.  БИК 6 сандуу номерден турат, анын ар бири кандайдыр бир маанини камтыйт, мисалы: өлкөнүн коду, регион, шаары жана филиалдын номери. 

Кыргызстандын башкы филиалдарынын банктык идентификациялык коддору:

  • ААК «Айыл Банк» – 135001;
  • ААК Банк «Бай Тушум» – 137001;
  • ААК «Бакай Банк» – 124001;              
  • ЖАК «Банк Азии» – 111001;
  • ЖАК «Банк Компаньон» – 113001;
  • ААК «Евразийский Сберегательный Банк» – 112001;
  • ЖАК «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» – 118001;
  • ААК «Дос-Кредобанк» – 121001;
  • ААК «Capital Bank» – 115001;
  • ААК «Керемет Банк» – 136001;
  • ААК «Кыргызстан Коммерциялык банкы» | MBANK – 103001;
  • ААК «Кыргызкоммерцбанк» –105001;
  • ЖАК «KICB» – 128001;
  • ААК «Коммерческий Банк КСБ»  –104001;
  • ААК «Оптима Банк» – 109001;
  • ААК «РСК Банк» – 129001;
  • ЖАК «Толубай банк» – 116001;
  • ААК «ФинансКредитБанк» – 134001;
  • ЖАК «ФИНКА Банк»  – 138001;
  • ААК «Халык Банк Кыргызстан» – 125001;
  • ЖАК «ЭкоИсламикБанк» – 117001.

БИКти өз алдынча билүү үчүн колдонгон банктын call-борборуна кайрылса болот же эсепти ачуудагы келишимден караса да болот. 

БИК жана жана учурдагы эсептин реквизиттерин билүүнүн эң жөнөкөй жолу мобилдик тиркеме болуп саналат.  Жалпысынан банктын идентификациялык кодду билүү алгоритми окшош, эсеп номерди жана БИКти иобилдик банкингдерден билүү төмөнкүдөй болот:

ААК «Айыл Банк»

Учурдагы эсеп жөнүндө маалыматты, ошондой эле банк кодун көрүү үчүн колдонуучу "менин продуктуларым" бөлүмүнө кириши керек. Андан кийин "Элкарт" бөлүмүнө өтсө, толуктоо үчүн маалымат жана реквизиттер көрсөтүлөт.

ААК Банк «Бай Тушум»

Мобилдик тиркемеде «жеке жактын карта эсеби» бөлүмүнө кирүү керек, андан кийин жогору жагында «эсептин функциялары» бөлүмү болот. Андан   бардык керектүү маалыматтарды алса болот.

ААК «Бакай Банк»

Тиркемеге кирип, картанын сүрөтүн басуу керек. Андан соң «карта тууралуу маалымат» баскычын басып, «эсептер» функциясын тандоо керек. 

ЖАК «Банк Компаньон»

Тиркемеде «эсептер жана карта» бөлүмүнө кирүү керек, андан кийин эсептин өзүн жана деталдарды (реквизит) тандоо керек. Бул жерде бардык керектүү маалыматтар жайгашкан. 

ЖАК «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»

БИК жана негизги эсепти билүү үчүн башкы менюдан «каражаттар» бөлүмүн тандоо керек, ал «акыркы операциялар» жазуусуна жакын жерде жайгашкан. Бул жакта бардык маалыматтар камтылган.   

ААК «Дос-Кредобанк»

Өз эсебиңиздин айрым деталдарын билүү үчүн call-борбордун адистерине кайрылса болот. Оператор бардык суроолорго түшүндүрмө берип, керектүү маалыматтарды берет. Жаныңызга паспорт алып алуу сунушталат.   

ААК «Capital Bank»

Тиркемеде башкы экрандан «каражаттар» бөлүмүнө киресиз. Андан соң картаны тандаганда биринчи сапка сиздин негизги эсеп номериңиз көрсөтүлөт, ал 115 ... саны менен башталат.  

ЖАК «Керемет Банк»

Өз эсебиңиздин айрым деталдарын билүү үчүн call-борбордун адистерине кайрылса болот. Оператор бардык суроолорго түшүндүрмө берип, керектүү маалыматтарды берет. Жаныңызга паспорт алып алуу сунушталат.   

ААК «Кыргызстан Коммерциялык банкы» | MBANK

Мобилдик тиркеменин негизги бетиндеги картанын жанындагы бош тилкени басуу керек, андан кийин реквизиттер тууралуу маалыматтарды көрө аласыз. «Баарын көрсөтүү» баскычын басуу менен бардык керектүү маалыматтар көрсөтүлөт.

ЖАК «KICB»

Эсептин реквизиттеринде биринчи 6 сан банктын идентификациялык эсеби болуп саналат, ал адатта 128... номери менен башталат.

ААК «Оптима Банк»

Мобилдик тиркемеден картанын сүрөтүн басып, «маалымат/деталдар» бөлүмүн тандоо керек. Ал бардык керектүү маалыматтарды көрсөтөт.

ААК «РСК Банк» (ААК «Элдик»)

РСК 24 мобилдик тиркемесинен каттоо эсептин чоо-жайын көрсө болот. Бул үчүн мобилдик банкингге кирип, картанын сүрөтүн басуу керек. Андан соң үч бөлүм пайда болот:

Маалымат;

операции;

кыймыл.

«Маалымат – толуктоо үчүн реквизиттер» аталышындагы бөлүмдү тандайсыз.  

ЖАК «ФИНКА Банк»

Банкыңыздын реквизиттерин же кодун билүү үчүн «менин каржым» пунктуна кирип, «учурдагы эсептер» бөлүмүн тандап, «маалыматтарды көрүү» баскычын басыңыз. Каттоо эсебиңиздин чоо-жайы бул жерде көрсөтүлөт.

ААК «Халык Банк Кыргызстан»

Тиркемеге кирип, картанын сүрөтүн басуу керек. Андан кийин меню ачылат, анда «карта маалыматы» өзүнчө бөлүмү бар. Мындай жол менен банктардын жеткиликтүү мобилдик тиркемелеринде сиз өзүңүздүн эсебиңиздин чоо-жайын өз алдынча биле аласыз. 

514
2024-06-24T18:41:15+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.