Курс USD 85.26 / 85.74
Курс EUR 92.16 / 93.13
Курс RUB 0.870 / 0.900
Курс KZT 0.121 / 0.190
USD USD
85.26 / 85.74
EUR EUR
92.16 / 93.13
RUB RUB
0.870 / 0.900
KZT KZT
0.121 / 0.190

Өлкөдөгү трейдинг соодасы. Кыргызстандыктарды трейдингге кантип үйрөтүү керек?

Кыргызстанда трейдерлердин саны жыл өткөн сайын көбөйүүдө: жаңы гана алектенип баштагандар жана такшалган адистер. Banks.kg порталы өлкөдө трейдингдин кайсы тармагы өнүгүп жатканын иликтеп, ага кантип үйрөнсө болорун да баяндап берет.
Өлкөдөгү трейдинг соодасы. Кыргызстандыктарды трейдингге кантип үйрөтүү керек?

Трейдерлерди бир гана нерсе бириктирет бул – соода, бирок бул чөйрөнүн  дагы бир нече багыттары бар. Анын башкы максаты кандайдыр бир активдерди сатуудан киреше алуу болуп саналат. Келишимдер кыска убакытка дагы жана узак мөөнөткө дагы болушу мүмкүн. Биз маанилүү багыттарын гана карайбыз: 

  • Фондук индекстер;
  • Чет элдик валюта;
  • Криптовалюта.

Фондук индекстер

Баалуу кагаздарды инвестициялоо инструменттеринин бири баалуу кагаздардын тобун сатып алуу болуп саналат. Эсептөөдө индекстин баштапкы мааниси баалардын суммасы болушу мүмкүн же каалаган санга барабар болушу мүмкүн. Салыштырууну камсыз кылуу үчүн баалар көбүнчө кошумча факторлор менен көбөйтүлөт.

ForexClub инвестициялык консультанты Акылай Абдубалиеванын айтымында, кыргызстандыктар арасында кеңири таралган биржалык индекстердин бири – бул дүйнө жүзү боюнча популярдуу болгон S&P 500 индекси болуп эсептелет. Ага АКШнын фондулук биржаларында эң чоң капиталдаштыруу менен сатылган ачык компаниялардын 500 акциясы кирет. Тизме Standard & Poor's агенттигине таандык жана тизмени алар түзөт.

«Трейдерлер өз алдынча тандоодо дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын акцияларын, ошондой эле мисалы, S&P 500 сыяктуу биржа индекстерин сатып алууга аракет кылышат. Былтыр S&P 500 индекси жогорку чендерге жана геосаясий тирешүүлөргө карабастан, 23% га өсөн. Көпчүлүгү 2024-жылдын аягына чейин мындан дагы жогорку өсүштү күтүшүүдө», - деп билдирди Акылай Абдубалиева.

Тагыраагы, баалуу кагаздардын мындай түрүн сатып алуу узак мөөнөттүү инвестициялоого окшош. Ал эми кыска мөөнөттүү келишимдерге токтолсок, ага валюталар мисал боло алат. 

Чет элдик валюта

Башка өлкөнүн валютасын сатып алууга инвестиция салуу да кирешелүү иш болушу мүмкүн. Ооба, негизинен башка валюта менен башка акча сатып алуу кандайдыр бир пайда алып келет. 

«Мажор» (majors) категориясында эң белгилүү валюталар: EUR/USD, USD/JPY, GBP/USD, USD/CHF, USD/CAD, USD/AUD. Тагыраагы доллар менен соодалашкан экономикасы өнүккөн өлкөлөпдүн валюталары. Алар жалпы алты (евро, япон иенасы, британ фунту, швейцариянын франкы, канадиянын  доллары жана и австралиянын доллар). Тажрыйба көрсөткөндөй,  Кыргызстанда EUR/USD валюталары популярдуу болуп саналат. 

Белгилей кетсек, кээ бир своп валюта позицияларын ачууда, валюта курсунун айырмасынан гана акча таппастан, мисалы, кээ бир өлкөлөр өз валютасынын өсүшүнө инвестиция салган трейдерлерге символикалык төлөмдөрдү аткарышат, мында да акча тапса болот. 

Своп (алмаштыруу) – бул финансылык алмаштыруу операциясы,  баалуу кагаздарды же валютаны сатып алуу (сатуу) боюнча бүтүмдү түзүү, белгилүү бир мөөнөт аяктагандан кийин ошол эле товарды кайра сатуу (сатып алуу). Бул кандайдыр бир пландуу спекуляция. Тажрыйбалуу трейдер муну  бир катар факторлорду эске алуу менен: өзүнүн эсептөөлөрүнүн негизинде жасайт, мисалы активге ээлик кылган өлкөнүн ИДПсынан баштап, дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга чейин.

Белгилей кетсек, трейдер – бул активдерди сатып же сатып алып, буйрутма берген, позицияларды жапкан жана биржаларда ойноо үчүн кыска мөөнөттүү стратегияларды ойлоп тапкан адам. 

Криптовалюта

Эң туруксуз активдердин базарынын бири албетте, криптовалюта сектору. Бүгүнкү күндө бул инвестор колдонгон стратегияга жараша кирешелүү жана ошол эле учурда кирешесиз багыттардын бири.

ForexClub инвестициялык консультанты Акылай Абдубалиеванын айтымында, мындай инструменттерге тенденция жок. Бирок төрт жылда бир жолу биткоин мезгилинин учурунда «криптохайп» орун алганда гана  криптовалюталарга суроо-талап көбөйөт.

«Көпчүлүк трейдерлер криптовалютага узак мөөнөттүү жана олуттуу инвестиция жасоону ойлонушат», - деп билдирди Абдубалиева.  

Белгилүү болгондой, ForexClub жаңы гана баштаган инвесторлорго кеңеш берет жана стратегияларды пландаштырууга көмөк көрсөтөт. Ошондой эле трейлинг дүйнөсүнө жаңыдан гана арашып жаткандар үчүн атайын окутуу курстары да бар. Айтмакчы, булар Кыргызстанда мурунтан эле бар.

Banks.kg порталы трейдинг боюнча окутуу жүргүзгөн компаниялардын биринен маалымат алды. 

«Практиканттар базалык окуудан эки ай өтүшөт, андан соң бир жыл бою жеке колдоо аркылуу стажировкадан өтүшөт. Онлайн жана офлайн курстар бар, алар атайын этаптар менен өтүлөт. Окуучулардын жашы 16даг өйдө болушу шарт. Ал эми сыналуудан өткөндөн кийин проп  трейдинг боюнча иштеп башташат. Проп трейдинг – бул инвестициялык компаниялардын финансылык активдерин башкаруу», - деп билдиришти компаниядан.

Окуп, үйрөнө турган сооданын стратегиясы ар түрдүү болот. Мисалы, скальпинг, интрадей, свинг-трейдинг.

Скальп-трейдинг бул скальпинг катары белгилүү болгон стратегия, ал  соода ачуу жана жабуу ортосундагы салыштырмалуу кыска убакыт аралыгы менен мүнөздөлгөн стратегия болуп саналат. Скальпинг стратегиясы - бул кыска мөөнөттүү бир күндүк соода стили, ал активдердин өзгөрүүсүнөн киреше алууга багытталган. 

Интрадей соодасы (бир күндүк соода)  – трейдер бир күндүн ичинде позицияларын ачып кайра жаап турган ыкма. Бул ыкманын негизги артыкчылыгы - жогорку рычагдар менен соодалоонун артыкчылыктарынын ортосундагы оптималдуу баланс жана ири инвестордун капиталына талаптардын жоктугу (минималдуу маржа).

Свинг-трейдинг – бул бир күндүк соода жана узак мөөнөттүү сооданын  ортосундагы соода стилинин бир түрү болуп саналат. Бул термин конкреттүү стратегиялык пландарды эмес, рыноктун катышуучусунун иш-аракетинин моделин билдирет. Техника рыноктук кыймылдардын 3-5 күндүк циклдеринин негизинде түзүлгөн.

Наргиза Кулотава белгилегендей, жогорудагыларды гана эмес, башка ыкмаларды да компетенттүү колдонуу жаңы баштаган инвесторго кадимки жана криптовалюталык биржаларда соодалоонун өз стратегиясын түзүүгө жардам берет.

1338
2024-07-04T13:57:59+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.