Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандыктардын пенсиялык топтоо каражаттары жогору киреше алып келе алат

Министрлер Кабинети пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоо процессин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө токтомун бекитти.

Кыргызстандыктардын пенсиялык топтоо каражаттары жогору киреше алып келе алат
Иллюстрациялык сүрөт

Финкөзөмөлдүн маалыматы боюнча, токтом пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоонун натыйжалуу системасын түзүү аркылуу алардын туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыз кылууга багытталган. 

Документ депозитарийлердин жана башкаруучу компаниялардын ишине карата талаптарды белгилейт, аларды тандоо тартибин аныктайт, ошондой эле пенсиялык аманаттарды инвестициялоо эрежелерин, активдерди баалоо методологиясын жана ишенимдүү башкаруу менен келишимдерди бекитет.

Негизги өзгөртүүлөрдүн бири пенсиялык каражаттарды инвестициялоо үчүн жеткиликтүү болгон финансылык инструменттердин тизмесин кеңейтүү болуп саналат.

Мындан ары пенсиялык топтоолордун каражаттарын кошумча финансылык инструменттерге - анын ичинде баалуу металлдарга, алтын, күмүш, платина, Кыргызстандын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына каражат салуучу индекстик инвестициялык фонддордун үлүштөрүнө (акцияларына, үлүштөрүнө) инвестициялоо мүмкүн болот. 

Бул инвестициялык портфелди диверсификациялоого, тобокелдиктерди көзөмөлдөө менен кирешелүүлүктү жогорулатууга жана пенсиялык аманаттардын көбүрөөк сакталышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр ошондой эле Кыргызстандагы туруктуу пенсиялык система боюнча «Келечек булагы»стратегиясын ишке ашырууга жана мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоону өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Эскерте кетсек, Соцфонддун маалыматы боюнча, Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонд 2026-жылдын январь-май айлары аралыгында 9,46 миллиард сом инвестициялаган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.