Бул демилге Кыргызстанда экологиялык жактан туруктуу ишкердикти колдоонун ири инструменттеринин бири болуп саналат. Анын негизги максаты - жашыл кепилдиктер рыногун калыптандыруу жана микро, чакан жана орто ишкердик субъекттеринин энергияны үнөмдөө, заманбап технологияларды киргизүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтуу боюнча долбоорлорду каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү.
Долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 59 млн АКШ долларын түзөт.
Аталган демилгенин алкагында «Кепилдик фонд» ААКсы жеке жана портфелдик кепилдиктерди сунуштап, финансылык уюмдардын кредиттик тобокелдиктерин төмөндөтүүгө жана ишкердикти насыялоону кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт. Натыйжада ишкерлер туруктуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстарга кеңири мүмкүнчүлүк алышат.
Долбоорго Кыргыз Республикасынын финансылык уюмдары катыша алышат. Катышуу аларга жашыл каржылоо инструменттерин киргизүүгө, финансылык продуктулардын түрлөрүн кеңейтүүгө, кардарларга көрсөтүлүүчү колдоону күчөтүүгө жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан туруктуу өнүгүү жаатындагы маанилүү долбоорлордун бирине кошулууга мүмкүнчүлүк берет.
Катышуунун шарттары, талап кылынуучу документтердин тизмеси жана долбоорго кошулуу тартиби боюнча ачык оферта «Кепилдик фонд» ААКсынын расмий сайтында жайгаштырылган. Өтүнмөлөрдү кароонун жыйынтыгы боюнча финансылык уюмдар «Жашыл кепилдиктер» механизмин ишке ашырууга кошула алышат.
Финансылык уюмдарды тандоонун башталышы долбоорду ишке ашыруунун алгачкы практикалык этабы болуп саналат жана Кыргызстанда жашыл каржылоо рыногун өнүктүрүүгө, экологиялык жактан туруктуу долбоорлорго инвестицияларды тартууга жана ата мекендик бизнестин заманбап финансылык инструменттерге жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Толугураак маалымат: https://gf.kg / гарантийные продукты / зеленые гарантии - «Кыргыз Республикасында МЧОИ үчүн туруктуу финансылык рынокту өнүктүрүү» долбоору (Дүйнөлүк банк).

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.