Ведомствонун маалыматы боюнча, айыптын бирдиктүү пайызы белгиленди. Эми иш берүүчү эмгек акыны, өргүү акысын, жумуштан бошотуу учурундагы эсептешүүнү же башка төлөмдөрдү кечиктирсе, ал ар бир кечиктирилген календардык күн үчүн төлөнбөй калган акча суммасынан эсептешүү жүргүзүлгөн күнгө карата кошумча 0,25 пайыз төлөөгө милдеттүү.
Ошондой эле доо коюу мөөнөтү аныкталды. Эгер иш берүүчү эмгек акыны өз убагында төлөбөсө, кызматкердин сотко кайрылып, каражатты өндүрүп алуу үчүн 3 жылдык мөөнөтү бар. Эсептөө эмгек акы төлөнүшү керек болгон күндөн баштап жүргүзүлөт.
Министрлик бул нормалар жумушчулардын эмгек укуктарын коргоого жана иш берүүчүнүн жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганын баса белгиледи.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.