Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Электрондук нотариат» мобилдик тиркемесине дагы 11 кызмат кошулат

2026-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги нотариат тармагын санариптештирүүнүн жаңы этабын баштайт: «Электрондук нотариат» мобилдик тиркемесинде аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтардын саны көбөйөт.

«Электрондук нотариат» мобилдик тиркемесине дагы 11 кызмат кошулат
Фото: www

Бул демилге нотариалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, нотариалдык кеңселердеги кезектерди кыскартууга жана кагазсыз документ жүгүртүүгө өтүүгө багытталган.

2026-жылдын 1-октябрынан тартып кызматтардын тизмеси дагы 8 кызмат менен толукталат (алардын тизмеси төмөндө көрсөтүлгөн). 2026-жылдын 1-декабрынан тартып дагы 4 кызматты ишке киргизүү пландалууда. Натыйжада жалпы 21 кызмат жеткиликтүү болуп, бардык нотариалдык аракеттердин үчтөн бирине чейинки бөлүгүн аралыктан жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган нотариалдык аракеттерди аралыктан тариздөөгө жол берилет. Бул жарандарга документтерди үйүнөн же жумуш ордунан чыкпай, ошондой эле чет өлкөдө жүргөн учурда да смартфон аркылуу тариздөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Тиркеменин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши менен жарандар суроо-талап жогору болгон бир катар документтерди аралыктан тариздей алышат.

Онлайн режиминде төмөнкү документтерди тариздөөгө болот:

  • жашы жетпеген жарандын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусуна ата-энесинин, асырап алуучулардын, камкорчулардын же көзөмөлчүлөрдүн макулдугун күбөлөндүрүү; 
  • жашаган жери боюнча каттоого алуу макулдугунун ырастамасы; 
  • жалпы жаранжык паспорт алууга макулдугунун ырастамасы; 
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга жана андан чыгууга макулдугунун ырастамасы; 
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен маалымкаттарды жана документтерди алууга ишеним каттын ырастамасы (ажыратуу укугусуз); 
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматында жүктү бажылык тариздөөгө ишеним каттын ырастамасы (ажыратуу укугусуз); 
  • мамлекеттик органдарда кызыкчылыктарды билдирүүгө ишеним каттын ырастамасы; 
  • юридикалык жакты каттоого ишеним каттын ырастамасы; 
  • документтерди алууга ишеним кат; 
  • мурасты алууга ишеним кат; 
  • турак жай сатып алууга ишеним кат;
  • белекти кабыл алууга ишеним кат;
  • автоунаа сатып алууга ишеним кат;
  • үй-бүлөлүк абалы жөнүндө арыз;
  • мураскорлордун пайдасына мурастан баш тартуу жөнүндө арыз.

Жол-жобо толугу менен санариптик форматка өткөрүлөт:

  • мобилдик тиркемедеги жеке кабинетке катталуу;
  • керектүү кызматты тандап, нотариуска кайрылуу;
  • тиешелүү маалыматтарды жана документтерди жүктөө;
  • мамлекеттик алымды жана кызмат акысын онлайн төлөө;
  • электрондук документке Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) аркылуу кол коюу;
  • нотариустун электрондук кол тамгасы коюлган даяр документти алуу.

Даяр документ колдонуучунун жеке кабинетинде сакталат, толук юридикалык күчкө ээ болот жана зарыл болгон учурда кагазга чыгарылып алынат.

Таризделген нотариалдык документтер «Электрондук нотариат» тиркемесиндеги жеке кабинетте гана эмес, «Түндүк» мамлекеттик мобилдик тиркемесинде да автоматтык түрдө көрсөтүлөт.

Алынган электрондук документтер толук юридикалык күчкө ээ болуп, кагаз түрүндөгү түп нускаларга теңештирилет жана зарыл болгон учурда басып чыгарылышы мүмкүн.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.