Жүргүнчүлөр үчүн эмне өзгөрөт
Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жарыяланды. Эгер ал жактырылса, транспорттук карта, банк картасы, QR-код же башка накталай эмес төлөм ыкмасы менен төлөгөн жүргүнчүлөр баштапкы төлөмдөн кийин 60 мүнөттүн ичинде чектөөсүз санда которуп отуруу укугу берилет. Ал үчүн эч кандай кошумча төлөм алынбайт.
Ошону менен катар жол кире төлөөдө учурдагы тарифтер өзгөртүүсүз сакталган.
Эмне үчүн шаар накталай төлөмдөн баш тартууда
Долбоордун негиздеме-маалымкатында белгиленгендей, накталай төлөө системасы коомдук транспорттун иштөөсү үчүн бир катар көйгөйлөрдү жаратууда.
Биринчиден, накталай акча каражаттарын кабыл алуу айдоочунун көңүлүн транспорттук каражатты башкаруудан төлөмдү текшерүүгө жана жүргүнчүлөргө калдык акчаны кайтарып берүүгө буруп, бул айрым учурларда жол-транспорттук кырсыктардын келип чыгышына алып келүүдө. Экинчиден, накталай каражаттар менен төлөө процесси транспорт каражаттарынын аялдама пункттарында туруу убактысын көбөйтүп, каттам боюнча бара жаткан коомдук транспорттун тыгынына жана топтолушуна алып келет.
Демилгечилер накталай эмес төлөм жол кыймылы коопсуздугунун деңгээлин жогорулатып, коомдук жүргүнчүлөр транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгү жакшыртылат деп эсептешет.
Бир гана накталай эмес төлөм
Акысыз которуп отуруу демилгеси муниципалдык автобустардагы накталай төлөмдөрдү толугу менен жоюу боюнча мэриянын мурда жарыяланган пландарына дал келет. Ар кандай техникалык мүчүлүштүктөр үчүн электрондук билет системасынын оператору жоопкерчилик алары белгиленген.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү электрондук төлөм ыкмаларын колдонушат.
Бишкекте акысыз которуп отуруулар
Эксперттер акысыз которуп отуруулар маршруттук тармакты эффективдүү пайдаланууга мүмкүндүк берерин белгилешет. Көптөгөн кайталанган каттамдарды ишке киргизүүнүн ордуна, шаарда негизги транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө болот, ал эми жүргүнчүлөр өз кезегинде кошумча чыгымдарсыз бир нече каттамдарды айкалыштыра алышат.
Токтом долбоорунда өзгөртүүлөр жүргүнчүлөргө ыңгайлуулуктарды түзүүгө, коомдук транспорттун туруктуу иштешин камсыздоого, шаар тургундары менен конокторду үзгүлтүксүз ташууга багытталганы айтылат.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек мэрине автобустарда накталай төлөмдү толук тыюудан баш тартууну сунуштаган болчу. Анын айтымында, коомдук транспортту пенсионерлер, окуучулар, банк картасы жок адамдар, смартфон колдонбогондор, шаар коноктору, ошондой эле интернети же тиркемеси иштебей калган адамдар да колдонушат. Депутат төлөмдөрдүн санариптик жолдору өнүгүп жатканын колдогону менен QR-код, мобилдик тиркеме жана карталар милдеттүү эмес, ыңгайлуу альтернатива катары каралышы керектигин белгилеген.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.