КРнын Улуттук банкы билдиргендей, Улуттук банк Башкармасынын чечими менен:
- «Берекет Банк» ЖАКка улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилген;
- «Айыл Банк» ААКка башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар жана жогорку сапат белгисине ээ күмүш, алтын, платинадан монеталар түрүндөгү баалуу металлдар менен накталай формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилген.
Эске салсак, 2025-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 10-октябрындагы чечими менен «Берекет Банк» ЖАКты түзүүгө уруксат берүү чечими кабыл алынган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.