Каржы рыногунда жаңы катышуучу: «Алма Финанс Банк» Улуттук банктан лицензия алды

Кыргызстанда жаңы банктарды лицензиялоо процессинде жандануу байкалууда. Кыргызстандын банк сектору дагы бир жаңы катышуучу менен толукталды.

Каржы рыногунда жаңы катышуучу: «Алма Финанс Банк» Улуттук банктан лицензия алды
Сүрөт: Banks.kg

2026-жылдын 14-январынан тарта  «Алма Финанс Банк» жабык акционердик коомуна улуттук жана (же) чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилди. Бул тураалуу Финансылык жөнгө салуучу орган билдирди. 

Лицензия берүү чечими КРнын Улуттук банк башкармасы тарабынан кабыл алынды. Ошентип, «Алма Финанс Банк» республикадагы 23-банк болуп калды. 

Белгилүү болгондой, «Алма Финанс Банк» ЖАКсы Кытайдын капиталынын катышуусу менен түзүлгөн. Банктын жетекчиси Ван Син деп жазылган. Юридикалык дареги Бишкек шаарындагы Огонбаев көчөсү, 222 дареги боюнча көрсөтүлгөн.

Буга чейин финансылык жөнгө салуучу орган «Асман Банк» ЖАК жана «Мурас Банк» ЖАКтын улуттук жана (же) чет өлкөлүк валютада банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия алуу боюнча арыздары каралып жатканын билдирген. Ошондой эле улуттук жана (же) чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн «Кылым Банк» ААКтын арызы күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, «Берекет Банк» 2025-жылдын декабрынын башында Кыргызстандагы коммерциялык банктардын тизмесине кошулуп, республикадагы 22-коммерциялык банк болуп калды.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.