Бул тууралуу брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.
ИДПнын өсүшүнө негизги салымды кызмат көрсөтүү чөйрөсү, өнөр жай, айыл чарба жана курулуш тармактары кошту. Экономикада эң чоң үлүштү кызмат көрсөтүү чөйрөсү ээлеп, 48,7%ды түздү. Өнөр жайдын үлүшү 18,4%, айыл чарбаныкы 8,4%, курулуштуку 9,1% болду. Дагы 15,4%ды продукцияларга салынган салыктар түздү.
Тогуз айда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомго жетип, 7%га өстү. Өсүштү азык-түлүк, фармацевтика, курулуш материалдарын, химиялык продукцияларды жана мунайзаттарын өндүрүү, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу жана башка тармактар камсыздады.
Айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоо продукцияларынын көлөмү 399,5 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 6,5%га көбөйдү. Өсүмдүк өстүрүү 8,9%га, мал чарбачылыгы 4%га өстү.
Курулуш иштеринин көлөмү 380 млрд сомго жетти. 2025-жылдын январь–сентябрь айларына салыштырмалуу бул көрсөткүч 1,6 эсеге көбөйдү. Өлкөнүн бардык аймактарында өсүш байкалды.
Дүң жана чекене сооданын жүгүртүүсү 1 трлн 639,5 млрд сомду түзүп, 4,2%га өстү. Өсүшкө негизги салымды чекене соода кошту.
Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 365,7 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйдү. Ички инвестициялар 1,6 эсеге, тышкы инвестициялар 2,6 эсеге өстү.
Бардык инвестициялардын 85%га жакыны кен казуу жана кайра иштетүү өнөр жайынын, транспорт жана жүктөрдү сактоо тармактарынын, энергетиканын, билим берүүнүн объектилерин, ошондой эле турак жайларды курууга багытталды.
Эске салсак, 2026-жылдын сегиз айында Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 1,3 трлн сомдон ашкан.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.