Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда монополисттердин бааларын текшерүү тартибин өзгөртүү сунушталууда

Экономика жана коммерция министрлиги министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда монополиялык жогорку жана монополиялык төмөн бааны аныктоонун жаңыртылган тартибин бекитүү сунушталууда.

Кыргызстанда монополисттердин бааларын текшерүү тартибин өзгөртүү сунушталууда

Документ «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясынын күчүнө киришине байланыштуу иштелип чыккан. Ал бизнес үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизбейт, тескерисинче, монополияга каршы орган компания рыноктогу үстөмдүк кылган абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатабы же жокпу аныктай турган механизмди тактайт.

Долбоорго ылайык:

  • монополиялык жогорку баа деп үстөмдүк кылган абалды ээлеген компания товарын рыноктук наркынан кыйла жогору баада сатып, ошол эле учурда анын баасы чыгымдар жана негиздүү пайда менен акталбаган учур эсептелиши мүмкүн.
  • монополиялык төмөн баа, тескерисинче, товар рыноктогу деңгээлден, атүгүл анын өздүк наркынан да төмөн сатылган учурда деп эсептелиши мүмкүн. Мындай көрүнүш атаандаштарды рыноктон сүрүп чыгарууга алып келиши ыктымал.

Текшерүү учурунда монополияга каршы орган товардын баасын гана эмес, баалардын динамикасын, өндүрүш жана сатуу көлөмүн, продукциянын өздүк наркын, компаниянын кирешесин, өндүрүштүк кубаттуулуктарын, инвестициялык программаларын жана ишкананын каржылык абалын да талдайт. Зарыл болгон учурда баалар Кыргызстандагы жана андан тышкаркы рыноктордогу окшош товарлардын баалары менен салыштырылат.

Документте баалардын төмөндөшү мыйзам бузуу болуп эсептелбеген учурлар да көрсөтүлгөн. Мисалы, тез бузулуучу товарларды арзандатып сатуу, сезондук арзандатуулар, жарнамалык акциялар, кайрымдуулук иш-чаралары, товарлардын калдыктарын жоюу же рынокто баалардын жалпы төмөндөшү буга кирет.

Эгер талдоонун жүрүшүндө үстөмдүк кылган абалдан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери аныкталса, монополияга каршы орган иликтөө баштай алат. Анын жыйынтыгында атаандаштык жөнүндө мыйзамдарды бузуу фактысы боюнча иш козгоо тууралуу чечим кабыл алынат.

Мындан тышкары, долбоор монополияга каршы органга компания белгиленген мөөнөттө анын чечимин аткарбаса же толук аткарбаса, сотко кайрылуу укугун бекемдейт. Мындай учурда ведомство чечимдин мажбурлап аткарылышын же мыйзам бузуу натыйжасында алынган кирешени өндүрүп берүүнү талап кыла алат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.