Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн ай сайын берилүүчү жөлөк пул киргизилет

2026-жылдын 1-январынан тарта бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардын тургундары үчүн ай сайынкы жөлөк пул киргизилет.

Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн ай сайын берилүүчү жөлөк пул киргизилет
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Алуу шарттары 

«Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөк пулу төмөнкү үй-бүлөлөргө берилет:  

  • бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда;
  • өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө. 

Аталган жөлөк пул үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт.

Төлөмдүн көлөмү

Бул долбоор менен жөлөк пулдун өлчөмү 3000 сом өлчөмүндө белгиленүү сунушталууда. Жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан дайындалат. 

Мыйзам базасы

КРнын 2024-жылдын 6-декабрындагы №193 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамына тиркелди. 

Эмгек министрлиги бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдады, ал учурда президенттин Администрациясына кароого жөнөтүлдү. 

Демилгенин максаты

Эмгек министрлиги үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн бардык аймактарынын тургундарынын жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча ишти улантууда.

Эске салсак, 2024-жылдын аягында президент Садыр Жапаров оор шартта жашаган көп балалуу энелер үчүн бир жолку «Бала Береке» жөлөкпулун киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Программа оор климаттык жана турмуштук шарттарда жашаган, медициналык жана билим берүү мекемелерине кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө багытталган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.