Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалган. Ал эми акча каражатынын так суммасы айтылган жок.
Мындан тышкары, ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралууда.
Тергөө иш-чаралары уланууда.
Эске салсак, 2025-жылдын ноябрында Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалган. Келтирилген чыгым 7 млн 500 миң сомду түзгөн.
Ошондой эле, декабрь айында Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери электрондук капчыктан 23 млн сом чыгарып кетишкен шылуундарды кармаган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.