Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Анда электрондук капчык системасындагы техникалык мүчүлүштүктү пайдаланган белгисиз адамдар, акча каражаттарын үчүнчү тараптардын электрондук капчыктарына чыгарып кетип, жалпы 23 млн сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкен. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын КИБнын «К» бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган А.Э. аттуу шектүү аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал КРнын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Биринчи Май районунун соту тарабынан шектүүгө карата эки ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын карап, аны Министрлер Кабинетине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) киргизүү чечимин чыгарды.
Учурда аталган окуяга тиешеси бар башка жагдайларды жана адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте дээрлик 1,5 млн сом өлчөмүндөгү акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алууга шектелип, 1972-жылы туулган аял кармалган.
Ошондой эле, 5 миллион сомдой акча уурдаган дропперлер да кармалган. Анда Токмоктун тургуну өзүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган алдамчылардын эсебине дээрлик 5 миллион сом которуп берген.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.