Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк чет өлкөдө филиал ачкан комбанктарга талаптарды жеңилдетти

КРнын Улуттук банкы чет өлкөлөрдө бизнес өнүктүрүүнү көздөгөн ата мекендик банктар үчүн жөнгө салуучу жеңилдиктер пакетин бекитти. Реформа КРнын каржы секторунун тышкы рынокторго экспансиясын жеңилдетүүгө багытталган.

Улуттук банк чет өлкөдө филиал ачкан комбанктарга талаптарды жеңилдетти
Сүрөт: интернеттен алынды

Бул тууралуу Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 29-майында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтом Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын чет мамлекеттердеги ишин жөнгө салуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү жана тийиштүү деңгээлде банктык көзөмөлдү камсыз кылуу максатында кабыл алынды. 

1. КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун:  

4.2-пункту төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын:  

«Банк чет өлкө валютасындагы кредитти, эгерде ал ушул Жобонун пунктчаларында көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык келсе, ошондой эле бир эле учурда төмөнкү шарттар аткарылса, «канааттандырарлык актив» катары классификациялоого укуктуу: 

  • кредит КРнын чегинен тышкары жайгашкан коммерциялык банктын филиалы тарабынан чет өлкө валютасында берилген;
  • кредит филиал жайгашкан өлкөнүн аймагында берилген жана тейленет;
  • филиал жайгашкан өлкө Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «BВВ» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody's Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ;
  • кредит валютасы карыз алуучунун киреше валютасына дал келет (карыз алуучунун кирешесинин кеминде 75 пайызы кредит валютасында түзүлөт)»;  

11.1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:  

«Банк чек ара аркылуу өтүүчү кредиттерди жана КРнын чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган кредиттерди эң аз дегенде «байкоого алынган активдер» катары классификациялоого тийиш».  

2. КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

21-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалды:  

материалдык эмес активдер, төмөнкүлөрдү кошпогондо:  

а) Улуттук банкка тастыктоочу документтерди берүү менен алдын ала маалымдалган учурда, алдамчылыкка каршы аракеттенүүгө багытталган программалык чечимдерди (антифрод-системаларды) түшүндүргөн, Улуттук банктын талаптарына жооп берген материалдык эмес активдер

б) чет өлкөлөрдө филиалдарды ачууга жана иштетүүгө арналган материалдык эмес активдер, мындай активдерге Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык таанылган, идентификациялануучу материалдык эмес активдерди сатып алуунун же иштеп чыгуунун натыйжасында келип чыккан программалык чечимдер гана кирет, ошол эле учурда төмөнкү шарттар сакталууга тийиш:  

  • мындай активдер тиешелүү филиалдын ишин камсыз кылуу үчүн гана пайдаланылат жана чет өлкөдөгү филиалдын маалыматтарын кошо алганда, маалыматтарды чогултуу, түзүмдөштүрүү, иштеп чыгуу, сактоо, ошондой эле консолидацияланган отчетту түзүү үчүн каралган материалдык эмес активдерди эске албаганда, банктын башка бөлүмдөрү тарабынан колдонулбайт;  
  • сарптоолор бир жолку мүнөзгө ээ жана техникалык колдоого, жаңыртууга жана пайдаланууга, ошондой эле персоналды окутууга байланышкан чыгашаларды камтыбайт
  • активдер ФОЭСке ылайык амортизацияланууга тийиш, мында амортизациялоо мөөнөтү 5 жылдан ашпайт; 
  • бул активдер боюнча нарксыздануу белгилери жок;  
  • банк мындай активдердин өзүнчө эсебин камсыз кылат;  
  • Улуттук банкка алдын ала билдирүүдө тастыктоочу документтер берилет.  

Көрсөтүлгөн шарттар сакталбаган учурда, мындай активдер ушул пунктка ылайык эсептен чыгарылууга тийиш»;  

25-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталды:  

«д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» деңгээлинен төмөн эмес кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody's Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан жана «КРнын  коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар» жөнүндө жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ юридикалык жактарга кредиттер, мында аталган юридикалык жак иш жүргүзгөн өлкөнүн суверендүү кредиттик рейтинги жогоруда көрсөтүлгөн рейтингден төмөн болбоого жана кредиттин валютасы карыз алуучунун киреше валютасына дал келүүгө тийиш.  

Эгерде бул кредиттерди төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашык кечиктирилсе жана/же реструктуризацияланса, анда алар кредиттик тобокелдик деңгээли 100% болгон 5-категорияда көрсөтүлөт.»;  

5-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталды:  

к) 25-пункттун 4-пунктчасынын «д» пунктчасынын биринчи абзацында көрсөтүлгөн кредиттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан коммерциялык банктын филиалы тарабынан чет өлкө валютасында берилген кредиттер, бир эле учурда төмөнкү шарттар сакталса: 

  • кредит филиал жайгашкан өлкөнүн аймагында берилген жана тейленет;  
  • филиал жайгашкан өлкө Standard & Poor's рейтинг агенттиги тарабынан ыйгарылган «BBB» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody's Investors Service рейтинг агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ;  
  • кредит валютасы карыз алуучунун киреше валютасына дал келет (карыз алуучунун кирешесинин кеминде 75 пайызы кредит валютасында түзүлөт». 

Документ менен толук бул шилтемени басып таанышууга мүмкүн. 

Эске сала кетсек, 2026-жылдын апрель айынын аягында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.

Андан мурун 2026-жылдын март айында президент Садыр Жапаров «Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын банктарынын иши үчүн укуктук шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.