Чет өлкөдө филиал ачуу: Кыргызстандын банктарына эмнелерге уруксат берилет

Президент Садыр Жапаров «Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын банктарынын иши үчүн укуктук шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Чет өлкөдө филиал ачуу: Кыргызстандын банктарына эмнелерге уруксат берилет
Иллюстрациялык сүрөт

Документ «Эркин Тоо» гезитине жарыяланды. 

Аталган документ эл аралык финансы рынокторунда өлкөнүн банк секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.  

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө чет мамлекеттерде кыргыз банктарынын ишин жөнгө салуучу өзүнүн ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча иш жүргүзүшү керек. 

Ошондой эле, финансылык жөнгө салуучу органга төмөнкүлөр тапшырылат:

  • чет мамлекеттерде иш жүргүзгөн банктарга банктардын коопсуз жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон деңгээлде жыл сайын капиталдаштыруу боюнча талаптарды белгилесин;
  • мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды министрлер кабинетине белгиленген тартипте киргизсин.

Мындан тышкары, документ чет мамлекеттерде филиалдарын ачкан банктарга да сунуштарды берет. Алар Кыргызстандын банктык мыйзамдарынын, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдардын, ошондой эле келген чет мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын, санкциялык талаптарды жана чет өлкөлүк юрисдикциялардагы чектөөлөрдү сактоо менен иш жүргүзүшү керек. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чет мамлекеттеги филиалдын иши жөнүндө Улуттук банкка берилүүчү маалыматтын толуктугун жана аныктыгын камсыз кылышы керек.

Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин Администрациясына жүктөлөт. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.